Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Айзада Абдымаликова дүйнөдөгү эң эски жана эң мыкты Болонья университетине Кыргызстандан алгачкылардан болуп тапшырды. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде окуу жайга кантип өткөнүн айтып берди.
Болон университети (Università di Bologna, UNIBO, Alma Mater Studiorum) — батыштагы эски окуу жай. Università di Bologna окуу жайынын кампустары Италияда (Болонья, Чезена, Форли, Равенна, Римини) жайгашып, ошондой эле Буэнос-Айресте (Аргентина) филиалы, Брюссель, Нью-Йорк, Санкт-Петербург жана Шанхайда өкүлчүлүктөрү бар.
Аталган университет мамалекеттик болгондуктан студенттерге окуу акысын жарым-жартылай же толугу менен жабууга грант алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Студенттерге (анын ичинде чет элдиктерге) стипендия финансылык зарылчылык боюнча жана академиялык эмгеги үчүн берилет.
Айзада, алгач өзүңүз тууралуу тааныштыра кетсеңиз?
- Мен 2003-жылы 5-ноябрь күнү Баетов айылында төрөлгөм. Атамдын жумушуна байланыштуу 1-классты Нарын шаарындагы Чкалов атындагы гимназияда окугам. Андан соң Баетовго көчүп келип, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алгам. 7-класстан баштап 11-класска чейин Ысык-Көлдөгү Зыяш Бектенов атындагы лицейде окугам. Ошондой эле 2021-жылдын сентябрь айынан февраль айына чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы окуу жайдын эл аралык мамилелер факультетинде, андан соң Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде ушул кезге чейин окуп келем. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Мен улуусумун.
- Болонья университетине окууга эмне түрткү болду?
- Биринчиден, Болонья университети — Италиядагы эң мыкты жана Европадагы эң эски университет. Ал 1088-жылы негизделген экен. Алардын программасы менен дүйнө жүзү боюнча 10 гана чет элдик студент кабыл алынат. Быйылкы 10 студентти кабыл алуу болуп, алардын арасында Кыргызстанда мен окууга өтүп кеттим. Бул университетте убагында дүйнө жүзүнө таанымал акын Данте Алигьери, Франческо Петрарка, белгилүү математик жана астроном Николай Коперник сыяктуу белгилүү адамдар билим алган. Окуу жайдын көптөгөн өнөктөш университеттери бар экен. Мисалы, мен 1-курсту ушул университеттен окуп, 2-курста Франциядагы университетке алмаштырып, 1 семестр бекер окуп, кошумча 1 миң евро стипендия алсам болот. Андан сырткары Оксфорд университети менен дагы өнөктөштүгү бар болгондуктан, ал университетке дагы 3-курста окуп келүүгө болот. Мындан тышкары Кореядагы Сеул университети менен өнөктөштүгү бар экендиги маалым болду. Бул университетте Бириккен улуттар уюмунун мурунку катчысы Пан Ги Мун билим алган. Аталган университетте да акысыз билим алууга мүмкүн. Экинчиден, өзүм эл аралык уюмдарда иштегим келгендиктен Болонья университетин тандадым. Бул жерде италия тилин бекер окуйсуң. Буюрса 2-семестрден тарта француз тилин окуп баштайм. Үчүнчүдөн, Болонья университетинде бекер окуйсуң жана жылына 7 600 евро стипендия берет. Төртүнчүдөн, бул университетти жакшы окусаң, Оксфорд университетинин магистратурасына окууга өтүп кетсең болот.
- Дүйнө жүзү боюнча чет элдиктерден 10 гана студент кабыл алынат бекен?
- Ооба. Дүйнө жүзү боюнча жылына башка өлкөлөрдөн 10 гана студентти кабыл алууга квотасы бар экен. Кыргызстандан мен, Казакстандан дагы бир жигит, калганы башка араб өлкөлөрүнөн окууга өтүшүптүр. Буга чейин бул университетте кыргызстандыктардан окуп же окубаганын билбейт экенмин.
- Болонья университетине окууга кабыл алуу багыттары кандай экен?
- Биринчиден, бул университетке окууга өтүү үчүн алгач орто мектепти бүткөн күбөлүгүмдү көрсөттүм. Жалаң «5» деген бааларга окугам. Экинчиден, стандартташтырылган тесттен өттүм. Максималдуу 36 упайдын ичинен 34,75 упай алып чыктым. Биздин жалпы республикалык тестирлөөнүн аналогун тапшырдым. Мындан тышкары англис тилин билеримди далилдөө үчүн TOEFL сынагын тапшырып, 91 упай алдым. Бирок ал жакта тест, күбөлүк дегендерге карабайт экен. Ал үчүн мотивация берүү катын жаздым. «Эмне үчүн мен эң мыкты талапкермин», «Эмне үчүн эң мыкты университетти тандадым», «Эмне үчүн стипендия алышым керек» жана «Эмне үчүн эл аралык факультетин тандап жатам» деген темалардын алкагында эссе жаздым. Сабактан тышкары кандай жетишкендиктериң бар экендигин сурайт. Ага орто мектепте окуп жүргөнүмдөгү олимпиадалардагы жетишкендиктеримди, эл аралык илимий дебаттарга катышкандыгым, эл аралык уюмдарда ыктыярчы болгондугум жана башка жетишкендиктеримди көрсөтүп бере алдым. Ошол жетишкендиктеримдин Болонья университетине өтүүгө жардамы тийди.
- Жетишкендиктериңиз тууралуу айтып берсеңиз.
- АКШ элчилиги жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин колдоосу менен жыл сайын өтүүчү үчүнчү «C5+1 Network Cup» эл аралык дебаттык турниринде, 2017-жылы Бишкекте окумуштуулар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта, стипендиаттар арасындагы «Алмата-2018» дүйнө чемпионатында «Мыкты спикер» номинациясына ээ болгом. Ошондой эле тарых сабагы боюнча окуучулар арасындагы республикалык олимпиадада 1-орунду, «Билимкан» тили боюнча олимпиаданын республикалык этабында кыргыз тили кафедрасында 1-орунду, «Билимкан» тил олимпиадасынын республикалык баскычында англис тили бөлүмү боюнча 2-орунду, 17-эл аралык түрк тили олимпиадасында коло медаль, «I love English» плакаттар сынагында 1-орунду, орфография боюнча 2-орунду багынткам.
Мындан тышкары 2019-2020-жылдары Чолпон-Ата шаарындагы «Келечек муун» клубундагы кыздар арасында ыктыярчы катары кошкон салымым үчүн ийгиликтүү аяктагандыгым тууралуу сертификатка, «Мыкты Ted Talk» презентациясы үчүн ыраазычылык сертификатка, «Hippo» 7-эл аралык англис тили олимпиадасынын жарым финалдык туруна катышкандыгым үчүн сертификатка, «Hippo» эл аралык англис тили олимпиадасынын 7-туруна катышкандыгым үчүн сертификатка, «Күз мисси» үчүн күзгү кеченин сертификатына ээ болгом.
- Болонья университетине окууга өткөнүңүздү алгач укканда кандай сезимдерге туш болдуңуз?
- Окууга өткөнүмдү укканда аябай сүйүндүм. Түнкү саат 23:30дар чамасы болчу. Үйдө чоң атам, атам, апам бар болчу. Уктайлы деп жатканбыз. Мен интернет карап отургам. Бир убакта интернет аркылуу байланышып «окууга өттүң» дешти. Мен сүйүнүп, кыйкырып жибердим. Анан окууга өткөнүмдү апама айтсам, апам сүйүнүп, ыйлады. Ал тургай чоң атам дагы ыйлап жиберди. Кыргызстандан жалгыз мен эл аралык ири университетке өткөн күнүмдү эскерип туруш үчүн үй-бүлөлүк фотосессия жасадык.