Turmush — Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда көп жылдан бери салтка айланган академик Б. Мурзубраимов атындагы стипендияны алдыңкы студенттерге тапшыруу иш-чарасы өттү.
Бул иш-чара бир жылда бир жолу өткөрүлүп, «Академик Б. Мурзубраимов атындагы стипендия» жөнүндөгү жобого ылайык окуунун мыктыларына, спорттук, маданий жана коомдук иштерге активдүү катышкан 6 студенттин ар бирине 3000 сомдон мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимов тарабынан тапшырылат. Бул жылы да институтта билим алып жаткан мыкты студенттерге аталган стипендия берилди.
Тапшыруу аземине Ош технологиялык университетинин ректору, доцент Жанболот Турсунбаев катышып, студенттерди ийгиликтери менен куттуктап, алдыңкы студенттерге ардак грамота тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарага институттун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, ата-энелер, райондун ардагер мугалимдери катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.