Turmush — Лейлек районунун Кара-Суу айылынын тургуну Муктарали Матраимов СССР убагында таштап койгон балчылык бизнесин кайра жандатып иштеп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 5 жыл мурда 15 ящик аары менен иш баштаган болсо, азыр алардын саны 135ке жеткен. 5 жылдан бери жыл сайын 4 тоннага чейин бал өндүрөт. Бирок бул жылы аба ырайына байланыштуу 700-800 литр бал алган.
«Мен балчылык менен СССР мезгилинде эле алектенчүмүн. 1985-1987-жылдары совхоздун аарыларын карачумун. Кийин эгемендүүлүк алгандан кийин таштап койдум. Анан кайра 4 жыл мурда 15 ящик аары менен кайра балчылыкты жанданттым. Азыр 135 ящик болду. Ар бир ящиктенг 30-35 литр бал алабыз. Жылда 3-4 тонна алсак, быйыл аба-ырайына байланыштуу аз болду. Анткени жаан-чачын аз болсо, шире аз болот. Аарылар көп шире жыйнай албай калат. Анан жылда балдын 1 литрин 500сомдон сатсак, быйыл 650 сомдон сатып жатабыз. Анткени бардык эле балчыларда абал ушундай, быйыл аз болду. Бал ушул Лейлек районунун бардык аймактарына сатылат», - деди ал.
Муктарали Матраимов бул ишкердикти мамлекеттен жардам же атайын грант албастан өз күчү менен баштаган.