Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Бурул Батырбек кызы 14 жылдан бери милиция кызматкери болуп эмгектенип келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Милициянын капитаны Бурул Батырбек кызы 1986-жылы 27-апрелде Баетов айылында туулган. 1993-2004-жылдары Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде, 2004-2009-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана башкаруу бөлүмүндө, 2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы академиясында билим алган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын кенжеси. 1 уулдун энеси.
Каарманыбыз бала кезинен бери эңсеген кыялы ишке ашкандыгын айтты.
«Бала кезимде эле форма кийип, милиция кызматкери болууну кыялданар элем. Кыялымды ишке ашыруу максатында 2010-жылы март айында Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө эркин жалданма кызматкери болуп ишке кирдим. Андан кийин Ички иштер министрлигинин академиясын сырттан окуп бүтүрүп, офицердик курамга 2017-жылы октябрь айында кабыл алынып, ушул эле жылы Баетов айылынын борборунда милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү кызматын аркалап баштадым. 2017-жылы Нарын облусунун ички иштер башкармалыгында уюштуруу инспектордук бөлүмүндө улук инспектор, 2018-жылдын сентябрь айында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, 2019-жылдын ноябрь айынан бери ушул эле бөлүмдө маалыматтык технологиялар тобунун инспектору болуп эмгектенип келе жатам», - деди ал.
Погончон айым учурда иштеп жаткан ишинин негизги милдеттерин айтты.
«Маалыматтык технологиялар тобу сырткы видео байкоо тутумун колдонуу менен милиция кызматкерлеринин арасында мыйзам бузууларга, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана токтотуу, укук бузуулардын алдын алат. Ыкчам кырдаалдын татаалдаш учурунда тез арада чара көрүүгө, жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурган учурларда биринчи жардам көрсөтүүгө, аталган тутумдар менен криминогендик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, күнү-түнү үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары район аймагында катталган кылмыштуулуктун абалы тууралуу маалыматтарды чогултуп анализдөө, кайсы бир деңгээлде укук бузуу, мал уурулукпу, жол кырсыгыбы, үй-бүлөлүк зомбулукпу, жаш өспүрүмдөргө карата жана жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган укук бузуулар, дегеле жарандарга алып келүүчү зыяндар кайсы аймакта көп катталууда, бардык анализдерди чыгарып, жетекчиликке маалымдоо, ошого жараша тийиштүү чараларды көрүү иштерин уюштуруп турабыз», - деди ал.
Бурул айым милиция кызматкери болуу үчүн сабырдуулук жана чыдамкайлык керек экендигин белгиледи.
«Элдин жүгүн көтөрүү оор. Милиция кызматкери болуш үчүн эң негизгиси каалоо болуш керек. Ошондой эле чыдамкай, өжөр жана сабырдуулук керек деп эсептейм. Эл көзүндө болгондуктан өзүңдү тыкан алып жүрүү маанилүү. Себеби жумушубузда ар кандай кырдаалга туш болобуз. Бир күнү ачка, бир күнү ысыкта же суукта калып калган учурларыбыз көп болот. Өзгөчө аялзаты үчүн эркектер менен тең тайлашып иштеп, үй-бүлөнү, жумушту бирдей алып кетүү айтканга оңой болгону менен жасай келгенде оор. Үй-бүлөлүк көйгөйдү жумушка, жумуштагы көйгөйдү үйгө унутуп иш алып барууга туура келет. Ар кандай кишилер менен сүйлөшүп, алардын тилин таба билүү зарыл. Өз жумушуңду сүйсөң, тейлеген аймагың тынч, кылмыштуулук жок болуп, жарандарыбыз бейпилчиликте, тынчтыкта болсо, кыйынчылык билинбей калат. Биз үчүн биринчи орунда эл турат. Элде тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык өкүм сүрөт. Андан кийинки орунга өзүңдү жана үй-бүлөңдү коесуң. Албетте, билим алуу керек. Юридикалык жактан суроо берилген учурда токтоосуз жооп берүүгө милдеттүүбүз», - деди ал.
Ал ишиндеги ийгиликтери тууралуу дагы кыскача айтып өттү.
«Иштеген жыл аралыгында кызматта жетишкен ийгиликтерим үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан — айыл өкмөттүн, билим берүү бөлүмүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн, облустук ички иштер башкармалыгынын ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйландым. Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык юбилейлик медалы, Ички иштер министрлигинин уюштуруу инспектордук башкы башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 50 жыл юбилейлик медалын алдым. 2022-жыл ичинде облус аралыгында кесибим боюнча «Мыкты кызматкер» наамына ээ болгом», - деди ал.
Бурул айымдын айтымында, Нарындан жоголгон эки өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп берген.
«Бир жолу бөлүмүгө өспүрүмдөр жоголгону тууралуу маалымат келип түштү. Экөө тең кичинекей, бирөө 1-класс, экинчиси 2-класс. Издөө иштерине чыктык. Бирөөсү үйүнөн акча алып кеткени белгилүү болду. Экөөнүн колунда акчасы бар. Айылдан Нарын шаарына жол тосуп кетишкени анык болуп, шаар ичинен издеп баштадык. Бир күн өттү, жок. Экинчи күнгө ооду, таппай жатабыз. Кызматкерлердин теңи шаар ичин, теңи каралбай калган, ээси жок тамдарды, түтүктөрдү карап жүрөбүз. Мен жана дагы бир кызматкер Нарын шаарынын чет жагын карап баштадык. Түн болду, жок. Эшик суук, кеч күз болуп калган. Эртерээк тапсак деген ой менен уйку жок издеп жүрөбүз. Шаардын четинде чоң бир түтүк бар экен. «Ошол жакты карап, анан кетели, шаар ичинен да карайлы» деп барып карасак, чоң түтүктүн ичинде экөө кучакташып алып, бүрүшүп уктап жатышат. Сүйүнүп кеттик. Тез жардам чакырып, ата-энесине телефон аркылуу билдирдик. Эки баланын кебетеси эми бир шумдук. Беттери ботала, үшүп калышыптыр. Аман-эсен табылганына сүйүнүп, ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өткөрүп бердик», - деди Бурул Батырбек кызы.
Милициянын капитаны эсинде калган окуя тууралуу да айтып өттү.
«Айылда аймактык тескөөчү кызматкери (участковый) болуп иштеп жүргөн кезим эле. Өзүм көзөмөлдөгөн административдик аймакты кыдырып жүргөм. Аңгыча эле нөөмөт бөлүмүнөн «Сен тейлеген аймакта уулу мас абалында апасын сабап жатыптыр, ыкчам топ чыгып жатат, өзүң дагы бар» деген билдирүү беришти. Даректи карасам, ал жерге мен жакын экенмин. Айтылган дарекке тез эле жеттим. Барган учурда ызы-чуу, кыйкырык, өкүрүк болуп барып эле, тынчып калды. Карасам, дарбаза ачык, апасы короодо туруптур. Мени көрүп эле «Чурка кызым, балам мас, өлөм деп скаладга кирип кетти» деди. Апанын оң жак бети, оң жак көзү шишигенсип калыптыр. Мен кампага жетип барып, каалгасын такылдаттым. Кампанын пайдубалы бийик, тепкичи жок экен. Терезеси бийик, анан калса кичинекей болуп, ичин көрө албайсың. Каалгасы темирден экен. Ичинде тиги сөгүнүп жатат. Ичимен тирүү экен деп коём. Сөзгө тартайын деп, «Каалганы ачыңыз, милиция кызматкеримин, таанышалы, болуңуз» деп коюп турам. Ал ачпайт. Бир аз убакыт өткөндө каалга шарак-шурак деп ачыла баштады. Өзүм бир аз артка кетенчиктеп, апасын «Ары туруңуз» деп ымдасам, ал киши нары көздөй кетти. Каалга ачылганда эле тиги кишинин колунда балтасы бар экен. Баягы балтаны мени көздөй ыргытты. Эңкейип отура калдым. Дагы жакшы, кампанын тепкичи бийик болуп, мен ылдый жагында тургандыктан балта тийбей калды окшойт. Ичимден өлдүм дедим. Балта башымдын үстүнөн өтүп, тамдын дубалына тийип, жерге түштү. Ичине чуркап кирип барсам, ал кайра колуна бир нерсе издеди. Мен болсо колуна эч нерсе алдырбаганга аракет кылып, кармашып калдым. Аңгыча ыкчам тергөө тобу кирип келди. Окуяны териштирип алышып, уулун алып кетти. Апасын тез жардам чакырып, салып бердик. Кеңсеге барсам, жетекчим «Ыкчам топ барганча эмне жалгыз киресиң, балта башыңа тийсе өлмөксүң же майып болуп калмаксың!» деп тилдеди. Мындай көп эле окуяларга туш болобуз. Бирин эстеп күлсөң, бирин эстеп көңүлүн чөгөт», - деди ал.
Погончон айым өспүрүм балдардын ата-энелерге кайрылуу жасады.
«Учурдан пайдаланып, ата-энелерге кайрылып кетет элем. Азыркы балдардын ой жүгүртүүсү, аң-сезими башкача. Балдар менен ачык сүйлөшүп, сырдашып, колдон келсе көбүрөөк убакыт бөлсөңүздөр. Айрыкча, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар оор тиет. Өспүрмдөргө карата жасалган кылмыштуулуктун алдын алууда, профилактикалык иштерди күчөтүүгө басым жасап келебиз. Өзгөчө, ата-энеси мигрант балдар, томолой жетим, жарым-жартылай жетим балдар тилекке каршы мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан, тууган-туушкандары тарабынан зордук-зомбулукка көп кабылышат. Кандай акыбалда болгонун укканда жүрөгүң чыдабай кетет. Мындайда кимди күнөөлөрүңдү дагы билбейсиң. Көр оокаттын айынын чет жакка чыгып кеткен ата-энелердин тагдырынабы, турмушунабы, айтор түшүнбөйсүң. Элде тынчтык эле болуп турса экен деп тиленебиз. Коомчулук биз менен иш алып барышса деп ойлойт элем. Кайдыгер карабай, жардамга колун сунушса. Кыргызда «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» деген кеп бар го. Коомчулук деле укук бузууну, мыйзам бузуучулукту, кылмыштуулукту алдын алып койсо болот. Албетте, элдин жардамы керек. Мисалы, «Ушул аял зордук-зомбулукка туш болууда, баланча мектепте рекетчилик күч, тиги өспүрүм зордук-зомбулукка дуушар болууда» деп билдирүү берип турушса болот. Көпчүлүгүбүз кайдыгер мамиле жасап келебиз», - деди капитан айым.