Turmush — Ош технологиялык университети Евразия-Тынч океан университеттери менен кызматташуусун кеңейтип жатат.
Окуу жайдын маалыматына караганда, 2024-жылдын 25-сентябрынан 29-сентябрына чейин Австриянын Вена шаарында Евразия-Тынч океан университеттеринин тармагынын (EPU) 7-пленардык жыйыны болуп өттү. Ага Европа жана Азия өлкөлөрүнүн университеттеринин жетекчилери жана өкүлдөрү, Кыргызстандын Австриядагы элчиси катышты.
ОшТУ 2009-жылы EPUнун курамына кирип, ошондон бери бул тармак менен тыгыз кызматташып келет. Ага Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев катышып, Европалык университеттер менен эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы элчилиги Австриянын жана Евразия-Тынч океан аймагындагы университеттер менен билим берүү жана илимий байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Eurasia-Pacific Uninet — бул Европадагы эгемендүү университеттердин эң ири тармагы. Анын максаты Австрияга келген магистранттар жана докторанттар үчүн стипендиялар, долбоорлор жана жайкы мектептер аркылуу мүчө мекемелердин ортосундагы дисциплиналар аралык илимий алмашууну колдоо болуп саналат. EPU тармагы Австрия менен максаттуу өлкөлөрдүн ортосундагы илимий, экономикалык жана маданий байланыштарды, трансулуттук компаниялардын илимий ишмердүүлүгүн, келген профессорлорду, илимий даражаларды жана программаларды өз ара таанууну колдойт. Ошондой эле жеке жана көп тараптуу илимий изилдөөлөр үчүн стипендияларды жана гранттарды берет, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду колдоо.
Аталган программаныны алкагында бир нече жылдан бери ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы жана магистранттары Европа жогорку окуу жайларында билим алып жана академиялык мобилдүүлүк программаларына катышып тажрыйба алмашып келишүүдө.