Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 22 жаштагы Мухаммед Азизуллаев. Ал бүгүнкү күндө Американын Вашингтон штатында жашайт. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Ал «Lake Washington Institute of Technology» (Лейк технологиялык институту) колледжинде окуйт. Ошондой эле быйыл, досу менен бирге автосалон ачышты. Ал АКШга 18 жашында студенттик виза аркылуу кеткен.
«Ош шаарындагы орто мектептердин бирин аяктаган соң юридикалык колледжде билим алып, диплом алдым. Андан соң медицинага кызыгып, медициналык университетке тапшыргам. Бирок 2-курста окуумду таштоо чечимине келдим да Америкага бет алдым.
Жаңы келгенде программалоону үйрөнүүнү чечкем. Бирок кийин бизнес жана коммерция жаатында билим алууга өттүм. Жаңы өлкөгө көнүп кетүү оңой болгон жок, адаптация алуума убакыт талап кылынды», - деди ал.
Америкага жаңы келгенде тил жагынан кыйынчылыктар болгон.
«Студенттик виза алууга жана жол киреге жалпы 5-6 миң доллардай каражат жумшалды. Окуу учурунда менин үй-бүлөм үмүттөнүп, колдоп тургандыктан, алар бул жакка келүүмө аябай салым кошушту. Жаңы келгенде алыскы таанышымдыкына, бир нече убакыт жашап жүрдүм. Ал мени Сиэтлга жакын жерде жайгашкан Белвью шаарына жайгаштырды.
Башында менин англис тилим начар эле. Бирок мен алгач эле англис тили боюнча курстарда окуп, үйрөнүп, тесттен өтүп анын натыйжасында колледжге кирдим. Ошол жакта досумдун жардамы менен сүйлөө деңгээлимди жогорулаттым.
2 жыл өткөндөн кийин билим алуу каражаты үй-бүлөмө кыйынчылык жарата баштады. Бул абалдан чыгуу жолун издөө керек болуп калды. Окуу жайымда да студенттер үчүн ылайыкташкан шарттар бар экен. Жаңы келген студенттер үчүн атайын тил үйрөнүү программалары уюштурулган. Системасы жаштарга көңүл бурууга багытталган, ошондой эле чет өлкөдөн келген студенттер үчүн кошумча жардам көрсөтүлөт. Ошол программаларга катыштым», - деп алгачкы күндөрүн эскерди.
Америка менен Кыргызстандын окуу программалары эки башка.
«АКШда окуу интерактивдүү, топтук иштер жана практикага көп көңүл бөлүнөт. Ал эми Кыргызстанда окутуу көбүнчө лекция форматында, теорияга басым жасалат. Бул жактын мугалимдери дос болууга жана колдоп турууга умтулушат. Алар студенттерди суроо берүүгө жана талкууга катышууга үндөп, ачык баарылашууга өбөлгө түзүшөт.
Мектептерде көбүнчө топтук долбоорлор, талкуулар жана практикалык тапшырмалар сыяктуу интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонушат. Мугалимдер сабактарды кызыктуу жана актуалдуу кылуу үчүн түрдүү технологияны колдонот. Билим берүү системасы маданий жана тилдик көп түрдүүлүктү урматтоого басым жасайт. Мугалимдер инклюзивдүүлүккө жана ар бир улуттун маданиятын сыйлоого үндөйт. Албетте, бул класстагы позитивдүү климатка өбөлгө түзөт. Ошентип, мектептерде билимге гана эмес, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы мамилеге да чоң маани берилет. Бул эффективдүү жана ыңгайлуу билим берүү процессин түзөт», - дейт Махаммед.
2024-жылдын январь айынан баштап өнөктөшү менен биргеликте унаа сатуучу компания ачышкан. Мекендешибиз студенттик виза менен жүргөндүктөн, бизнеске пассивдүү инвестор катары катышып келет. 10 айдын ичинде унаа сатуучу компаниядан 200 автоунаа саткан. Бизнеске инвестициялардын жалпы суммасы 40 миң долларды түзгөн.
«Бул бизнеске каражаттарды табуу үчүн, мен ар кандай башка жолдорду да изилдеп, банк жана финансылык мекемелер аркылуу кредит алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыктым. Старттапка инвестиция салууда өзүмдүн натыйжалуу пландарымды жана бизнес стратегияларымды сунуштап, мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыктым. Ошондой эле үй-бүлөмдүн жардамын да алып, алардын колдоосу маанилүү болду. 20 миң доллар менин каражатымдан жана 20 миң доллар биздин өнөктөшүбүздөн. Мындай салыштырмалуу аз сумма менен бизнеске кирүү бир топ кооптуу болду. Бирок өжөрлүк жана эмгек менен биз олуттуу ийгиликтерге жетиштик.
Студенттик статусумдан улам бизнестин операцияларына активдүү катыша албай жатканымды да белгилегим келет. Компанияга болгон күч-аракетимди толугу менен жумшап, анын кирешесин 5-6 эсеге көбөйтүү үчүн EB-1 программасы аркылуу мүмкүн болгон виза же грин карта алышым керек. Бул бизнести өнүктүрүүгө жана анын потенциалын ишке ашырууга басым жасоого мүмкүндүк бермек.
Жаңы жумуш жүргүзүү, башка өлкөгө келип, жаңы бизнес ачуу бул чоң жоопкерчилик. Башында көптөгөн тоскоолдуктарга учурадым: рынокту изилдөө, кардарларды тартуу, финансылык пландарды түзүү жана билимимди жакшыртуу үчүн көп убакыт жумшадым.
Автоунааларды биз негизинен түрдүү аукциондорго катышып дүң соода аркылуу сатып алабыз. Аларды сатып алган соң, биз алардын бардык жагдайларын текшерип, кардарларга сатууга даярдайбыз. Ошондой эле, унааларды биздин автосалондо сатабыз, бул жерде биздин кардарларга жогорку сапаттагы жана арзан баадагы унаалар сунушталат. Унаалар биздин веб-сайтыбызда жана социалдык медиа баракчаларыбызда жарыяланат», - дейт Махаммед Азизуллаев.
Жаш ишкер мекендешибизден чет жерде бизнес ачууга камданып жүргөндөр үчүн кеңеш берди.
Идеяны аныктоо — уникалдуу бизнес идеяны тандоо;
Рынокту изилдөө — кайсы продукция же кызматтар менен жогору натыйжага жетүүгө болоорун аныктоо;
Бизнес план түзүү — чыныгы максаттарды, финансылык эсептерди жана операциялык пландарды камтыган планды даярдоо;
Лицензия жана уруксааттар — мыйзамдуу түрдө бизнес ачуу үчүн керектүү лицензияларды алуу;
Каражат табуу — инвестициялар же кредиттер аркылуу баштапкы капиталды изилдөө;
Бизнести каттоодон өткөрүү — юридикалык жакты жана бизнес структурасын каттоо;
Маркетинг пландарын түзүү — социалдык медиа жана онлайн платформаларды пайдалануу.