Turmush — Бүгүн, 31-октябрда эртең менен Ош облусунун Ноокат районунда төрт тилкелүү жолдун ачылышына даярдык көрүлүп жатат.
Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги катышуусу күтүлүүдө.
---------------------------------------------------------------
Буга чейин Камчыбек Ташиев Ош—Баткен—Раззаков жолунун Ноокат районундагы тилкесин 2024-жылдын октябрь айынын аягына чейин куруп бүтүрүүнү тапшырган.
Учурда унаа жолдун 27-34-чакырымына асфальт төшөлүп жатат. Ноокат шаарында 4 тилкелүү жол болду. Ал жерде 6 чакырымга асфальт төшөлдү.
Жолго асфальттын экинчи катмары төшөлүп, көпүрөлөр курулуп жана Ноокат шаарындагы жол кеңейтилип жатат. Өткөн жылы 13 чакырымга асфальттын биринчи катмары төшөлсө, бул жылы экинчи катмары төшөлүүдө.