Turmush — Бүгүн, 31-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда төрт тилкелүү жолдун ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ноокат райондук администрациясынын жетекчилиги, Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов келди.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев тургундарды көпүрөнүн ачылышы менен куттуктап, бул жерге президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келгенин айтты.
«Ушул жолду баштаганда да президентибиз тапшырма берди эле. "Эл укмуш кыйналды. Ноокаттактар, баткендиктер кыйналды. Бул жер 10 жылдан ашык убакыттан бери бузулуп турат экен, оңдолбой жатат. Өзүң барып контролдоп, быйылкы жылы бүтүргөнгө аракет кылгыла" деп тапшырма берген болчу. Мындан 3 ай алдын ушул маселе боюнча жолчулардын баарын чогултуп, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн, транспорт министрин жана жумушту аткара турган адамдарды, алардын арасында Нурлан Чолпонбаевчи [Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов] атайын суранып, сиздин көп тажрыйбаңыз бар, жардам бериңиз деп алып келип, ушул жерди баштадык эле. Ошондо 30-октябрь күнү келем, даярдап ачасыңар деп тапшырма коюп кеткем. "Булар ача албайбыз го, кыйналып калабыз" деп айтышкан. Жок, ачасыңар дегем. Бул президенттин тапшырмасы. Ошондон кийин 2 жолу келип кеттим. Бир жолу машине менен, бир жолу тик учак менен келдим. Президенттин тапшырмасын аткаруунун негизинде бүгүн Ош—Раззаков жолундагы Ноокат тилкеси толук бүтүп, ачылып жатат.
Бул жол өтө кыйналып калган жол болуп калды. Себеби он жылдап бүтпөй калды. жолдун узундугу 20 чакырымдын тегерегинде. Үч көпүрө бар. Анын экөө — Абшыр-Сай менен Чили-Сай бүтүп, Кыркоол-Сай көпүрөсүн 10 күндүн ичинде, 10-ноябрга бүтүрөбүз деп убада беришти. Ушуну менен 20 километр жердеги асфальт, анын ичинде Ноокат шаарынын ичинде 4 тилкелүү асфальт, 3 көпүрө бүтүп, 16 км жерге тротурат менен лоток коюлуп жатат», - деди ал.
Камчыбек Ташиев эмне үчүн бул жерге катуу көңүл бурулганына токтолду.
«Себеби эл көп кыйналып калды. Долбоор жасайт экен деп, кайсы бир өлкөнүн жардамын күтүп, бир нече жыл жаттык. Андан кийин бюджетибизде акча жок дагы бир нече жыл жаттык. Ошондуктан бул жакка жакшы көңүл бурулду.
Ош облусу, Баткен облусу, Жалал-Абад облусу, мамлекетибиздин бардык башка облустарында — Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында көптөгөн жумуштар бүтүп жатат. Бардык жерлерде элдин көйгөйлөрү чечиле баштады. Мурдагыдай айтып коюп, же убада берип коюп, жок болуп кетмей жок. Убада бердиңби аткарышың керек. Айттыңбы, сөздүн өтөсүнө чыгыш керек.
30 жылдан ашык жөнөкөй адамдарга шарт түзүлгөн жок. Бийликтегилерге, бийлиги бар, байлыгы бар, мүмкүнчүлүгү, тууган-уругу бийликте, байлыкта отургандардын баарына шарт түзүлдү. Бирок жөнөкөй, карапайым, колхоздо, совхоздо иштеген адамдарга шарт түзүлгөн жок. Аларды алдап, шайлоодон шайлоого, жаздан күзгөн, күздөн кышка, кыштан жазга болуп эле келе жаттык. Эми андай болбойт. Президентибиз жөнөкөй адамдардын жашоо-турмушун жакшыртып, шарт түзүшүбүз керек деп жатат», - деди ал.
Анын айтымында, учурда өлкөдө 40 миң үй-бүлөгө үй курулуп жатат.
«Былтыртан бери Мамлекеттик ипотекалык компания деп ачылды, жөнөкөй адамдарга үй салып берүү боюнча. Ушул эле Ноокаттын тегерегинде бир үйдө 4-5 баласы менен отургандар бар. Келиндери менен отургандар бар. Же чек жок, же үй жок, же шарт жок. Ушундай маселелер топтолуп кетти. Жылда ушул маселелерди акырындап чече бергенде азаймак. Чечилбеди да. Эл көбөйө берди, үйлөр салынган жок.
Сыртка чыккан мигранттарыбыз үй, батир алам деп чыгып кетишти. Алар иштеп келгенден кийин коммерциялык ар түрдүү кооперативдерге алданып, аларга акчаларын өткөрүп берип коюп, же болбосо кымбат-баалуу үйлөрдү алып, өтө кыйналышты. Ошону эсе алып туруп, президентибиз мындан ары жөнөкөй адамдардын баарына мамлекет тарабынын үй салып беребиз деген тапшырманы берди. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө мамлекетибизде 40 миңден ашык үй-бүлөгө үй салынып жатат. Быйыл күздө Чүйдө, Бишкектин тегерегинде 5 миңге жакын үй-бүлөгө үй берилет. Эмдиги жылы жазда Жалал-Абадда 5 миңге жакын адамга үй берилет. Эмдиги жылы күздө Ошто берилет. Тапшырманын негизинде Жалал-Абадда 10 миң үй-бүлөгө, Ошто 10 миң үй-бүлөгө жана Баткенде 5 миң үй-бүлөгө үй курушубуз керек. Ушундай эле тапшырмалар Таласта, Нарында, Ысык-Көлдө, Чүйдө, Бишкекте болуп жатат. Мамлекет бардык күчүн, тапкан акчасын, мүмкүнчүлүгүн жөнөкөй адамдарга жумшаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды», - деген Ташиев бул иштердин башында президент турганын белгиледи.