Turmush — Мурдагыдай ойлоп, жер сатам деген айыл өкмөт башчылар дагы деле бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-октябрда Ноокат шаарындагы төрт тилекелүү жолдун ачылышында билдирди.
Ал мыйзам бузгандардын баары тартипке келтириле турганын белгиледи.
«Жергиликтүү бийликтин жетекчилери туура эмес иштеген жерлер, туура эмес эмес иштеген айыл өкмөттөр бар. Мурдагыдай эле ойлогон айыл өкмөттөр бар. Дагы деле жер алам, дагы деле жер сатам, дагы деле жер басып алсам, байысам деген айыл өкмөттөр бар. Эми андай болбойт. Бир адам кара башына 1, 2, 3, 5, 100, 200, 300 гектардан жерлерди алып, басып жатышкан. Ошол эле мезгилде жөнөкөй адамдарга 3-4 сотых жер жок болуп калган.
Кечээ эле Чүйдө бир кылмыш ишин козгоп келдим. Бир адам керт башына 304 гектар жерди ээлеп алыптыр. Ошол эле адам ошол жерде совхоздун директору болгон экен. 30дан ашык ишкананы өзүнүн керт башына жаздырып алыптыр. Бир адамга 10 сотых жер, ушунчалык кыйын болсо 1 гектар жетет го. 300 гектар жерди эмне кылат? 30 ишкананы эмне кылат? Бир-эки ишкананы ал. Ушинтип ач көз, тойбостордун баарын тартипке салабыз. Бардык жерде ушулар болуп жатат.
Ноокатта да ушул болот. Ким жерлерди туура эмес алып алса, көп жерлерди басып алса, мекеме-ишканаларды туура эмес пайдаланса же туура эмес приватизация кылып алса, баарын мамлекетке кайтарабыз жана жөнөкөй адамдардын турмуш-тиричилигине жумшайбыз», - деди Ташиев.
9-мүнөттөн баштап көрүңүз