Turmush — «Айыл турмушу» рубрикасынын бүгүнкү каарманы — Адина Алтынбек кызы. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2000-жылы төрөлгөн. Азыркы учурда кургак кесме жасап, кошумча киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Ал үй-бүлөлүү, 2 кыздын энеси.
«9-классты бүткөндөн кийин шаарга келдим. 2018-жылы өзүм менен тең нарындык балага турмушка чыккам. Жашап жатканыбызга 7 жыл болду.
Ысык-Көлдүн кургак кесмесин кичинемден жеп чоңойдум. Жолдошум кургак тамакты жакшы көргөндүктөн үйдө көбүрөөк жасалат. Кээде "китлапты" да кургак кылып басып берип көнүп калгам», - дейт ал.
Ал кургак кесменин жасалуу ыкмасын айтып берди.
«Айтып өткөндөй кичинемден кургак кесмени жеп чоңойдум. Апам жасаганды үйрөткөн. Түрү менен жасап берчү — касканга, казанга, жана камырын мешке кактап бышырсада болот.
Кургак кесменин жасалышы аябай оңой. Эң негизгиси камырын катуу жууруп туруп жасаш керек. Колго камыр жуурулуп, тегиз жайылып, анан кесилет. Казандын чекелерине таза чыбыктарды кайчылаштырып, үстүнө камырды коюп бышырат. Камыр сууга салынбай, бууга бышкандыгы үчүн кургак кесме аталып калган.
Ар ким ар кандай бышырат. Мисалы мен чыбык коюп бышырам. Камырды жумшагыраак жууруп алганда же кургагыраак кылып жегиси келгендер чыбык коюп бышырса сонун болот. Ар ким өзүнүн табитине жараша жасайт. Негизи ысык-көлдүктөр көп жасагандыктан «Көлдүн кургак кесмеси» деп айтылып келет», - деди ал.
Кургак кесме сатып, кошумча киреше табат.
«Үйдөн жасап, сатып жатам. Азыр буйрутмалар көп болууда. Кээде жетишпей да калам. 7-8 кг жасоо үчүн 3-4 саат убакыт кетет.
Бул тамакты жеп көрө электер да бар экен. Кээ бири «ушундай болобу кургак кесме» дешсе, кээ бирөөлөр «сонун экен» деп кайра буйрутма кылышат. «Тамагыңызды жедик, сонун экен» деп ырахматын айтышат. Бир эже дагы буйрутма берип, кызыма реклама кылдыртып берем деп, тамакты алгандан кийин алдап кеткен.
Бул жумушумдан сырткары товарларга буйрутма алып иштейм. Бош убактым деле болбой калды.
Келечекте буйруса жакшы пландарыбыз бар. Жалаң казанга тамак жасап, орун ачып иштетсек деп жатабыз», - деди ал.