Turmush — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын тоолорунда карышкыр байкалды.
«Биз тоонун арасындагы жол менен бара жатканбыз. Бир маалда бир чоң жырткыч бурулуштан секирип чыгып, жолду бойлой чуркап жөнөдү. Аны кууп жетип, карышкыр экенин көрдүк. Боз жырткыч жолду бойлой тез чуркап бара жатты. Тоолуу жолдо карышкыр менен жарышканды токтотууну туура көрдүк. Ал аскага жашынган бойдон көздөн кайым болду», - дешет окуянын күбөлөрү.
Муну менен катар Нарын облусунун аймагында да карышкыр күч алды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.
Алардын айтымында, видео Долон ашуусунан түшүп келе жатканда Кара-Үңкүр айылына жетпей тартылган.
«Карышкыр суудан өтүп келе жаткан. Бизди көрөрү менен үркүп, ары жакка кетип калды. Былтыр туулган жаш карышкырдай туюлду», - дешет алар.