Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы орто мектепке автобус берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Адина Эркинбекованын айтымында, Министрлер кабинетинин «Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан мектеп окуучулары үчүн Ак-Талаа районуна бир даана мектеп автобусу бөлүнүп берилди. Автобус аталган айылдагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебине тапшырылды.
Анткени, Ак-Кыя айылы Ак-Кыя жана Көк-Жар аталыштагы эки айыл болуп, эки айылдын ортосу дээрлик 3 чакырым алыстыкты түзөт. Көк-Жар айылында мектеп болбогондуктан ал айылдын окуучулары Ак-Кыя айылына окууга жөө барып-келип окушчу.