Turmush — Кечээ, 29-ноябрь күнү Ош шаарында жөө жүрүш болуп өттү. Жөө жүрүш жол кырсыктарын алдын алууга уюштурулганын Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча башчысы Мирлан Аким уулу билдирди.
Маалыматка караганда, министрдин буйругу менен иш-чара өткөн.
«Ички иштер министринин буйругунун негизинде жана ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы иш-чаранын мерчеминде пландын негизинде кырсыктардын алдын алуу боюнча атайын жөө жүрүш уюштурулуп жатат.
Бул иш-чаранын максаты жарандардын жолдо жүрүүдө сак болуу, ар кандай кырсыктарга кабылбашынын эскертүү жөнүндө, ошондой эле жаш балдарды жол транспорт кырсыктарынан алыс болуусун ошондой эле тургундар менен жапа тырмак иш алып барсак деген максатта өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар байма-бай эле уюштурулуп турат», - деди Мирлан Аким уулу.
Жөө жүрүштөн соң жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жетекчилерилери, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, казыят жана ИИБдин башчылары менен биргеликте чогулуш уюштурулуп маселе, сунуштар каралды.