Turmush — Өзгөн шаарындагы тарыхый эстеликтердин бири Сагынбай уулу Жаныбек казынын эстелигинин таштары түшүп, айланасы таштандыга толуп калганын күбөлөр билдиришкен.
Бул маселе боюнча Өзгөн шаарынын мэри Залкар Каримов маалым экенин билдирип, бир жуманын ичинде иретке келерин айтты.
«Ошол эстеликтин таштарын белгисиз жарандар сындырып кетиптир. Тазалыгы боюнча бүгүн жалпы кызматкерлер ишембилик өткөрүп тазалап жатабыз. Милиция кызматкерлеринен сурасам бирөөлөр атайын сындырып кеткендей го деп айтышкан. Эстеликтин 7-8-таштарын сындырып, жулуп кетип калган же үйүнө көтөрүп кетип калганбы билбейм. Анан эми милиция кызматкерлерине айтып көзөмөлгө алышын сурандым. Буюрса 1 жуманын ичинде калыбына келтиребиз», - деди З.Каримов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.