Turmush — Жайыл районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин сүзүп кеткен шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-ноябрда Жайыл райондук ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Гвардейский көчөсүндө Жайыл райондук ЖКККБнын тескөөчүсү, милициянын прапорщиги Э.Р.га карата авто жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факт Жайыл райондук ИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
«30-ноябрда болжол менен саат 02:00 чамасында Жайыл райондук ЖКККББнын тескөөчүсү Э.Р. "Мазда 6" үлгүсүндөгү автоунааны токтоткону аныкталган. Аны мас абалында 1999-жылы туулган Б.В. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Териштирүү учурунда айдоочу Б.В. автоунаанын рулуна отуруп, айдап баштаган. Анын кесепетинен милициянын прапорщиги Э.Р. денесинен жаракат алган.
Бул факт боюнча Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Б.В. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.
- Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Тергөө уланууда.
Буга чейин Turmush Кара-Балта шаарында ЖКККБнын кызматкерин кызмат учурунда автоунаа менен сүзүп кеткен айдоочу кармалганын жазган.