Turmush — Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну Дамирбек Ташманбетов бакчасына помидор жана бадыраң эгип, жакшы түшүм алган. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Каарманыбыз Дамирбек мырза 4 жылдан бери голландиялык өзгөчө түрдүү (сорт) помидор жана бадыраң өстүрүп жаткандыгын айтты.
«Төрт жылдан бери Бишкектеги жер-жемиштерди уруктарын саткан дүкөндөн голландиялык түркүмдөгү помидор менен бадыраңдын уругун кымбаттыгына карабай сатып алып келем. Помидордун уругунун 1 пачкасы 1800 сом болот. Ичинде 1000 даана урук болот. Бадыраңдыкы 1500 сом. Алгач, эрте жазда же тагырагы апрель айынын орто ченинде жылуу жерге уругунан парник өстүрүп алып, андан соң парниктерди майдын аягында жерге отургузабыз. Канчалык арзан урук сатып келип эксең, ошончолук түшүмү дагы аз болот. Жергиликтүү көчөт болгондон кийин бат жанданат. Базарда сатылган көчөттөр ойдогудай өсө бербейт. Быйыл гибриддик түркүмүндөгү "Волверин" помидорун өстүрдүм. Бирок түшүмү жакшы болбой калды. Былтыр помидордун "Томск" түркүмүн эгип, жакшы түшүм алган элек. Андан мурунку жылы "Бобкат" түркүмүн айдаганбыз. Ал эми бул жылы бадыраңдан түшүм жакшы алдым. Анын "Аваланж" түркүмүн эккенбиз», - деди Дамирбек мырза.
Ал помидор жана бадыраң өстүрүүгө тамчылатып сугаруу ыкмасын пайдаланат.
«Албетте, жерди аңтарып, уругун сээп, сугарып койсоң эле өсө бербейт. Мээнетти, эмгекти талап кылат. Бул жер-жемиштерди, дегеле бардык эле жер-жемиштерди жылуу суу менен сугарган оң. Жылуу суу менен сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизгем. 1,5 тонналык челек койгом. Эртең менен суу толтуруп коём. Кечке чейин күндүн илебине жылып калат. Ошентип жылуу суу менен сугарылат. Тамчылатып сугаруунун дагы бир артыкчылыгы — отоо чөп көп өспөйт. Анча-мынча өскөн отоо чөптөрүн убагында тазалап, убагында сугарып турабыз. Сөзсүз түрдөгү биогумус колдонобуз.
Чыккан түшүмдү өзүбүз жейбиз. Ашканын сатабыз. Жакшы эле пайда түшөт. Негизи, алгач химикаттар менен өстүрүлбөгөн, органикалык таза жер-жемиштерди өзүбүз өстүрүп жейли деген максатта өстүрүп баштаганбыз. Өзүбүздөн ашып калганын сата коюп жатып, кызыгып кеттик. Быйыл бадыраңдан 1 тоннадан ашык түшүм алдык. Анын 1 килограммын 40-45 сомдон саттык. Ал эми помидордун быйыл 500-600 килограмм түшүм алдык. Өткөн жылы 1 тоннадай алганбыз», - деди Дамирбек Ташманбетов.
Жубайы Ыквалкан Акулова түштүк жергесинен болгондуктан, жер-жемиш өстүрүүдө эмгеги зор экендигин белгиледи.
«Жубайым экөөбүз Бишкектен таанышып, табышып калып, үйлөнгөнбүз. Бирге түтүн булатып жашаганыбызга 10 жылдын жүзү болду. 1 уул, 1 кызыбыз бар. Кызым 2-класста, уулум даярдоо класста окуйт. Жубайым Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Ал тойканалардын биринде иштейт. Анча-мынча соода-сатык менен алектенет. Түштүк жергесинин кызы болгондуктан тандырга нан жабат. Өзүм курулуш тармагында иштейм. Кафель чаптайм. Баетовдо жана Бишкекке барып иштеп келип турам. Колдон келген ишибизди аткарып, тиричилик кылып жатабыз. Жер-жемиш өстүрүүдө чындыгында жубайымдын эмгеги чоң. Кудай буюрса, чоңурак жерге айдасак деген ниет, пландарыбыз бар. Мындан тышкары, дагы бир жакшы ишти пландап жатабыз. Ал ишти азырынча айтпай эле турайын. Ишке ашып калабы, ашпай калабы дегендей», - деди Дамирбек Ташманбетов.