Turmush — Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну Булутай Орозалиев милициянын катарында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, атасы да милиция кызматкери болгон.
«Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. Атам милициянын полковник ардагери. Атамды көрүп, из калтырабыз деп, мен үйдөн төртүнчү офицермин. 2017-жылдан бери милицияда кызмат өтөп келем. 2017-жылы Бишкектин Свердлов районунун күзөт кызматында кызмат өтөгөм. Андан кийин 2023-жылы Бишкектин 1-Май райондук күзөт кызматында кызмат өтөгөм. 2023-жылы ноябрь айында ийгиликтүү сынак тапшырып, Бишкектин Ленин районундагы Арча-Бешикке милициянын атайын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгам. Андан бери Талас шаарында иштеп, азыр Бакай-Ата РИИБдин Ак-Дөбө айылынын аймактык тескөөчү болуп иштеп келем», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле эсинде калган окуяларды айтып берди.
«Жумуштагы эсте калган окуялар — бул үй-бүлөлүк жаңжалдар. Бир жолу 102 кызматына чакыруу түшүп, Бишкектеги жаңы конушунда атасы өз кызын зордуктоого аракет жасагандыгы айтылды. Ал киши кармалып, Ленин РИИБге жеткирилип берилген.
Эсимде калган окуялардын дагы бири Бишкектин Арча-Бешик жаны конушунда синтетикалык баңгизат ташып, катып жүргөн курьер бала кармалып, 13 эпизод менен факт аныкталып, азыркы учурда камалып отурат
Атайын камералар аркылуу супермаркеттеги майда уурулуктардын бетин көп ачканбыз. 2010-жылы 7-апрель революциясында Талас шаарында мектепте окуп жүргөн кезимде милициянын старшинасын эл жабылып сабап жеткен жерден, жүрөгүм ооруп, чоочун милиция кызматкерин сактап калгам. Классташ балдарым менен үйгө алып келип ысык тамак берип, кийим берип Бишкекке командирине чалып салып жибергенбиз. Ошол милиционер байкенин аты Максат болчу. Ал дагы деле иштеп жүрөт болуш керек деп ойлоп коём», - деди ал.
Милиционер 1 кыз, 1 балам бар.