Turmush — Бүгүн, 20-январда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жана кызматкерлеринин курамдарынын арасындагы спартакиаданын ачылышы өттү.
Окуу жайдын маалыматына караганда, катышуучулар волейбол, футбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, шайыр старттар жана тогуз коргоол боюнча күч сынашат.
Спорттук иш-чаранын ачылышына окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулар жамааты жана кызматкерлери катышты. Университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланып калган иш-чаранын негизги максаттарына токтолуп, жалпы жамаатты сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга үндөдү. Ошондой эле бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев спорт жумалыгына ийгиликтерди каалады.
Спорттук мелдеште Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин факультеттеринен, колледждерден, жана административдик чарбалык бөлүмдөрдүн курама жааттарынын командалары күч сынашат.
Соңунда I, II, III байгелүү орундарды ээлеген командалар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Ошондой эле ар бир спорттун түрү боюнча мыкты оюнчуларга ардак грамоталар тапшырылат.
Мелдештер Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин спорттук базасында жана окуу залында 2025-жылдын 20-январынан 24- январына чейин Достук» спорт клубунун жана дене тарбия мугалимдеринин көзөмөлүндө өткөрүлөт.