Turmush — 2025-жылдын 16-апрелинде Ош облусунун Ноокат районунда жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоого каршы ыкчам рейд уюштурулду.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобу тарабынан, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Ноокат РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.
Рейд учурунда Ак-Булак айылынын эки тургуну бир баш кашкулак жана төрт баш кекиликти тузак менен кармап, аларды социалдык тармактар аркылуу сатууга аракет кылып жатканы аныкталган. Бул факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 261-беренесине (мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо) ылайык жалпы 16 миң сом айып пул салынды.
Мыйзамсыз кармалган төрт кекилик тирүү абалда кайра жаратылышка коё берилди. Ошондой эле мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.