Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 27 жаштагы Бурулай Жусупбек кызы. Ал учурда Германиянын Дюссельдорф шаарында жашайт жана Генрих Гейне атындагы Дюссельдорф университетинин медицина факультетинин акыркы курсунун студенти. Ал кыйынчылыктарга карабай чет өлкөдө билим алып, келечекте Кыргызстандын медицина тармагына салым кошууну кыялданарын Turmush басылмасына айтып берди.
«Мен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда төрөлгөм. Ош шаарындагы “Сапат” лицейинин бүтүрүүчүсүмүн. Ал кезде ар кандай долбоорлор аркылуу башка мамлекеттерге барууга мүмкүнчүлүк бар эле. 9-класстын аягында ошондой бир долбоор менен Нидерландиянын Гаага шаарына барып, Европанын башка өлкөлөрүн да көрүүгө жетиштик. Алардын арасында Германия да бар болчу. Ошондо ичимде: “Мен сөзсүз бул жакка кайра келем" деген күчтүү бир каалоо пайда болгон.
Бул жерде медицина өнүккөнүн көпчүлүк билет. Изилдеп көрсөм, университеттерде окуу акысыз экен, эгер немис тили жетиштүү деңгээлде болсо (С1 сертификаты). Америкага тапшырам деп экзамендерин да тапшыргам, бирок окуу абдан кымбат болуп чыкты. Ошондуктан жаңы тилди нөлдөн баштап үйрөнсөм да, акысыз университетте окуйм деп чечтим.
Алгач И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, бир жыл окудум. Бирок 1-курстан кийин ал жак мага тар сезилип, келечегим үчүн анчейин туура эмес экенин түшүндүм. Лицейде так илимдерди англис тилинде окугандыктан, орус тили жагынан кыйналдым. Сабактардын баары орус тилинде өтчү. Мындан тышкары окутуучулардын мамилеси жана практиканын жүрүшүндөгү айрым жагдайлар менин чечим кабыл алышыма түрткү болду.
Ошондо өзүмө: “Кыргызстанда орус тилинде сүйлөгөндөн кыйналып, уялып окугуча, башка өлкөгө барып кыйналсам да, акырында жакшы шартта, жакшы маяна менен иштегеним туурараак” деп чечтим. Ата-энемдин жана бир туугандарымдын колдоосу менен КММАдан өз каалоом менен чыгып кеттим.
21 жаштагы кыз үчүн баарын кайрадан баштоо оңой болгон жок — жаңы тил, бөтөн эл, башка маданият. Бирок мен чоң максат менен келген элем — Германияда медицина окуу. Башында бул кыялга ишенгендер аз болду. Немис тилинен берген мугалимим да таң калып, ишенбегендей болгон. Кийин анын реакциясын түшүндүм. Германияда медицина окуу немистердин өздөрү үчүн да көп жылдык эмгекти жана эң жогорку бааларды талап кылат экен. Мисалы, 1,0 эң жогорку баа болсо, 1,3 болуп калса да окууга өтүү мүмкүнчүлүгү азаят.
Ошентип, жарым жыл ичинде С1 сертификатын алып, документтеримди даярдап, 3–4 университеттен окууга өттүм. Башында кыйналдым, анан коронавирус пандемиясы да жашоону, окууну жана тилди өздөштүрүүнү ого бетер татаалдаштырды. Ошол оор учурларда апамдын “Кыйын болсоң, ыйлай бербей Кыргызстанга кайт, күйөөгө тий” деген өзүнө таандык “мотивациясы”, атамдын “Аракет кылсаң, баары болот” деген сөздөрү жана досум Айгүлдүн “Кыйын кыз бол” деген колдоосу менен ал мезгилди да жеңип кеттим.
Германия мен үчүн — жаңы үй, жаңы мүмкүнчүлүктөр. Убакыт өткөн сайын немистердин тартибине көнүп, Кыргызстанда көнүмүш болгон айрым нерселер жат боло баштайт экен. Бир жагынан кыргыз эмес, бир жагынан немис эмес — ортодо жаңы бир инсан калыптанат экен. Менин байкоомдо немистер жаңы таанышууларга этият мамиле кылышат, алар үчүн алгач ишеним маанилүү.
Учурда окуудан тышкары өзүмдү каржылоо үчүн университеттен кийин саат 16:00дөн 20:00гө чейин радиология бөлүмүндө МРТ (томография) аппараты менен иштейм. Ал жердеги кесиптештерим жана дарыгерлер менен мамилебиз жакшы. Бирок башында байланыш түзүү үчүн убакыт талап кылынган.
Германияда кыргыздардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Ар кандай жаңы программалар түзүлүп, Европада жаш муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Алгач кыргыздар чогулган жерлерге көп барчумун, кийинчерээк андай жерлерге барбай деле калат экенсиң.
Келечектеги максатым — азыр акыркы курстагы бир жылдык практикага даярданып жатам. Аны бүткөн соң хирургия тармагында карьерамды курууну каалайм. Резидентура орто эсеп менен 5–6 жылга созулат, андан кийин Facharzt — адис болуп чыгасың. Ошондон кийин Кыргызстан медицинасына да аз да болсо салым кошсом деген тилегим бар. Бизде дарыгерлерге болгон мамиледен тартып, дарылоо ыкмаларына чейин өзгөртүлө турган көп нерсе бар деп ойлойм.
Бош убактым тууралуу айтсам, медицина факультетинде окуп, ошол эле учурда иштегенде бош убакыт дээрлик болбойт экен. Ошентсе да Европанын башка өлкөлөрүнө саякаттоого, спорт менен машыгууга, досторум менен жолугууга аракет кылам. Ошондой эле Instagram баракчамды активдүү алып барып, ал жерде кыргызча окуу боюнча консультация берип турам», — деди Бурулай Жусупбек кызы.