Turmush — Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн тургуну Бакир уулу Сыймык асыл тукум уйларды багып жатат. Аймактык кабарчы фермерден кабар алды.
Анын айтымында, голштин породасындагы уйларды багууда.
«Биз алгач чарбада бардык малдын түрүн багып көрдүк. Жылкы, кой, уй жана башкаларын. Ал эми бизге ыңгайлуусу ушул асыл тукум уй болду. Асыл тукум уйдун бойлору бийик, сүттүү да болот. Өзүбүздүн жергиликтүү малга караганда пайдасы да көп болот. Эки же үч уйдун сүтүнө караганда бир эле асыл тукум уйдун сүтү көп болот. Торпоктору да кымбат баада сатылат. Алардын өсүү темпи да жакшы болот экен. Туулганда эле жергиликтүү 2 айлык торпоктой болуп туулушат. Эртерээк жетилип, 2 жашында эле тууй баштайт. Пайда жагы абдан көп экен. Ошондуктар асыл тукум өндүрүү чарбасын түптөп жатабыз.
Бул уйлар боюна жана салмагына жараша баасы коюлат. Негизи орто эсеп менен алганда 260-270 миң сомдон болот.
Сүттү өтө жакшы көлөмдө берет. Өздөрү да чоң көлөмдө болот. Назик келишет, жакшы кароо зарыл. Жергиликтүү уйлар менен айырмасы абдан эле чоң. Биздин уйлар жайытта оттоп жүрө берет. Ал эми асыл тукум уйларыбыз жайытка чыкканга туура келбей калат экен. Өздөрү көлөмү чоң болгондугуна байланыштуу, жайытта оттошу кыйы. Биз силос, чөп, арпа, буудай, жем менен багабыз жана иммунитетин көтөрүш үчүн атайын витаминдерди да алып келип беребиз.
Азыркы тапта бул уйларды биринчи жолу багып жатканыбыздан көп даярдана элек болчубуз. Кийинки жылдан баштап тоюттарын жакшы камдап, жем, чөптөрдү даярдап беребиз. Асыл тукум малды багууну 3 жыл мурунтан ойлонуп, мамлекеттен 3% кредит алып, асыл тукум малды өндүрүү программасы менен чарба түзүп алдык. Малды алыш үчүн биз биринчи Россиянын Саратов шаарына барып келдик. Ал жерден ушундай уй баккан жерлерди көрүп, алар менен келишимибиз туура келбей калып, кайра башка фирма менен сүйлөшүп алганбыз», - деди ал.