Turmush — «7+1» программасынын (7 семестр окуу + 1 семестр чет өлкөдө волонтёрдук иш) алкагында Ош технологиялык университетине Сунгшиль университетинен ыктыярчылар Пак Минхёк жана Чхве Чживон келишти.
Кореялык ыктыярчыларды ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алды. Жолугушууда эки университеттин ортосундагы кызматташтык, билим берүү жана маданий алмашуу маселелери талкууланды.
Февраль айынан июнь айына чейин, 4 ай бою Пак Минхёк жана Чхве Чживон студенттер үчүн төмөнкү багыттар боюнча сабактарды жана иш-чараларды өткөрүшөт:
-
корей тили;
-
корей маданияты;
-
сүйлөшүү клубу.
Аталган демилге студенттердин чет тилдерин өздөштүрүүсүнө, маданий түшүнүгүн кеңейтүүгө жана эл аралык тажрыйба алуусуна өбөлгө түзөт.