Turmush — Бүгүн, 27-февралда Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы Н.А. Мрасулованын жетекчилиги астында «Укук жана социалдык иш» бирикмесинин окутуучулары тарабынан социалдык багыттагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Ош шаарындагы кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда уюштурулуп, ага Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Атыргүл Кожоева, ОшТУнун аялдар кеңешинин төрайымы Назгүл Эркинбаева, окуу жайдын структуралык түзүмдөрүнүн аялдар кеңештеринин төрайымдары жана колледждин социалдык иш адистигинин студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан балдарга окуу куралдары, өнүктүрүүчү оюнчуктар жана таттуулар тапшырылып, алардын ата-энелерине моралдык колдоо көрсөтүлдү.
Аталган иш-чара «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата боорукердик» акциясынын алкагында уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан колдоого алуу жана коомдо боорукерлик мамилени бекемдөө максатын көздөдү.