Turmush — Ош технологиялык университетинде аспирантураны аяктаган аспиранттарга окууну бүтүргөндүгүн тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.
Сертификаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы №358 токтому менен бекитилген жобонун негизинде 2025-жылдын 25-декабрында аттестациялык сынактан ийгиликтүү өткөн аспиранттарга берилди. Сертификаттарды университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кезектеги административдик кеңештин жыйынында расмий түрдө тапшырды.
Ошондой эле 2025–2026-окуу жылында РГАИС программасы боюнча аспиранттар 3 айлык онлайн курстан өтүштү. Жыйынтыгында 4-курстун аспиранты Каратаева Жазгүл интеллектуалдык менчик боюнча эссе сынагында I орунду ээлеп, Сочи шаарында өтүүчү аспиранттардын эл аралык жайкы академиясына бир жумалык жолдомо утуп алды.
Мындан сырткары, курсту ийгиликтүү аяктаган аспиранттар тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.