Turmush — Ош шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Алымбек датка жана А.Саргалчаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында жол кыймылынын эрежелерин бузуп, автоээнбаштык жасаган «Lexus LX 470» жана «Kia K7» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларына 15 миң сомдон айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле буга чейин автоээнбаштык кылган дагы бир учур катталган. Анда унаага үн чыгаруучу аппарат орнотуп, кошумча жарыктарды коюп, жасалма мамлекеттик номур тагып, видео тарткан 5 жаш жигит аныкталган.
Аталган факты боюнча алардын унаасы айып короого киргизилип, унаага жасалма номур тагып жүргөндүгү үчүн айдоочуга 10 миң сом айып пул салынган.
Укук бузуулар кодекси
189-берене: Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.