Turmush — Ош шаарында тилемчилик кылып жүргөн 147 жаран аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Тилемчи» аталыштагы рейддик иш-чаралар уланууда. Милиция кызматкерлери жол боюна чыгып, жол кыймылына тоскоол жаратып, тилемчилик жасаган жарандарга, жарамазанды шылтоо кылып, коомдук тамактануучу жайларда акча сурап жүргөн өспүрүмдөргө карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.
Тилемчилик кылган жалпы 147 жаран аныкталды. Аялалдын ичинен 73ү аял киши, 74ү эркек киши, 20сы селсаяк. Тилемчилик кылып, жарамазан айтып жүргөн 85 бала аныкталды. Ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 20 баланын ата-энесине айып пул салынды.