Turmush — Ош шаарында волейбол боюнча муниципалдык клуб түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Ош шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Масуда Айдарбекова билдирди.
Муниципалдык волейбол клубун түзүү тууралуу маселе («Ош шаарынын мэриясынын алдында «Сулайман-Тоо» волейбол клубун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө» маселе) 2026-жылдын 4-мартында Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясынын күн тартибине коюлган.
«Ош шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык волейбол клубун түзүү туралуу шаардык кеңешке сунуштадык. Бирок депутаттар "толуктоолорду киргизип, кийинки сессияга алып келесиңер" дегенинен ал маселе кийинки сессияга калды», - деди ал.
Вице-мэр кошумчалагандай, негизги максат шаарда спорттун бул түрүнө кызыккандар арбын болгону үчүн мунципалдык клуб түзүп, кызыккан адамдарды спортко тартуу болуп саналат.
«Биз буга чейин расмий эмес түрдө сурамжылоо кылып келгенбиз. Анда шаардыктардын көпчүлүгү "волейболду өнүктүрбөйсүңөрбү?", "волейбол клубун түзбөйсүңөрбү?" дешкен. Негизинен алганда спорттун бул түрүнө кызыккандар абдан көп экен. Андыктан бюджеттен жылына 5 млн сом бөлүп, волейбол клубун кармасак эмнеге болбосун? Анан калса бул клубду чарбалык негизде — өзүн-өзү каржылай турган ыкмада түзүп жатабыз. Клуб түзүлсө алар демөөрчүлөрдөн, каржылоо булактарынан, атайын долбоорлордон өзүн каржылай алышат. Мэриядан директору менен эле эсепчисине маяна берилет. Калган оюнчуларына гонорардык негизде акча төлөнөт», - деди Айдарбекова.
---------------------------------------------------------
Буга чейин Ош шаарында «Сулайман-Тоо» волейбол клубу болгон.
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы кезексиз сессиясында аталган клуб жоюлганы маалым болгон. Депутат Айгүл Салиева «Сулайман-Тоо», «Алай» клубдарын Ош шаардык спорт комитетинин карамагына өткөрүү сунушун берген.
Ошол учурдагы биринчи вице-мэр Марс Исаев «Сулайман-Тоо» волейбол клубу жоюлганын белгилеген.
Бирок депутат Айгүл Салиева бюджет бөлүштүрүү боюнча берилген отчетто «Алай» клубуна 25,5 млн сом, «Сулайман-Тоо» волейбол клубуна 1,6 млн сом бөлүнөт деп жазылып турганын билдирген.
Марс Исаев «Сулайман-Тоо» клубу жоюлганын, бирок аларга компенсация төлөнүшү керектигин, 1,6 млн сом бөлүнүп жатканынайткан болчу.