Turmush — Ош—Баткен—Раззаков эл аралык маанидеги унаа жолунун Ноокат шаарынын ичин айланып өтүүчү алтернативдүү жол курулат. Бул тууралуу Ноокат райлондук мамлекеттик админстрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул долбоор Ноокат шаарынын ичиндеги жол тыгынын азайтуу максатында иштелип чыкты.
«Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы, мекеме-ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шаарды айланып өтүүчү унаа жолунун болжолдуу схемалары иштелип чыгып, курулуш иштери башталуу алдында турат», - деп айлылат маалыматта.
Аталган жол Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынан башталып, А.Мирмахмудов, Гүлистан, Жаңы-Ноокат айыл аймактарын аралап өтүп, Бел айыл аймагынан чыгат. Жалпы узундугу 16 чакырымды түзөт. Жалпы сметалык баасы — 1 млрд 428 млн 564 240 сом.
2024-жылдын 22-июлунда Министрлер кабинетинин төрагасынын ошол учурдагы орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат районундагы айланма жолдун долбоору менен таанышкан.
Жаңы айланма жолдо 2 көпүрө болот, анын ар бири 12 метрден. Долбоор 360 млн сомго бааланган. Ал эми жол IV техникалык категорияга кирет.
Камчыбек Ташиев: «18 чакырым жолду куруп бүтүрүүгө 360 млн сом (дээрлик 4 млн доллар) аз болуп калбайбы?», - деп сураган.
Ал айланма жолду курганга жараша капиталдык кылып жасоо керектигин билдирген.
«Айланма жолдо жалаң чоң унаалар өтөт. Чоң унаалар бата турган унаа токтоочу жайларды жасоо керек. Жолдун ар бир тарабынан 5 гектар жер кароо керек», - деген ал.
Бул маселе дагы бир жолу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашылары айтылган.
Жалпы пайдалануудагы долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун тилкесинин өлчөмү стандартка ылайык анын категориясына жараша белгиленет.
Пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө чектелет:
-
1-категория — жол огунан 32 метр;
-
2-категория — жол огунан 16 метр;
-
3-категория — жол огунан 14 метр;
-
4-категория — жол огунан 13 метр;
-
5-категория — жол огунан 12 метр.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн жол четиндеги тилкенин кеңдиги калк жашаган пункттардан тышкары өткөн участоктордо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
-
I категория — 50 метр;
-
II категория — 40 метр;
-
III категория — 20 метр;
-
IV категория — 10 метр.