Turmush — Бүгүн, 12-мартта Ош шаарында Литва Республикасынын ардактуу консулдугунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыштын алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кыргыз Республикасындагы резиденциясы Алматы шаарында жайгашкан Литва Республикасынын башкы консулу Шаруне Кубилюте жана Литва Республикасынын Ош шаарындагы ардактуу консулу Медербек Орумбаев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Литва Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле региондор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.
Өз сөзүндө Аманкан Кенжебаев Ош шаарында Литва Республикасынын ардактуу консулдугунун ачылышы эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал М.А.Орумбаевди Литва Республикасынын Ош шаарындагы ардактуу консулу болуп дайындалышы менен куттуктады.
Жолугушууда Ош облусунун экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Айрыкча айыл чарба тармагындагы потенциал, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү, аларды кайра иштетүү, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр белгиленди.
Тараптар соода‑экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризмди өнүктүрүү, билим берүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо багыттарында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.