Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Нооруз майрамы белгиленип жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, майрамдык иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширабаев, шаар мэри Алмаз Исаков жана шаардын тургундары, коноктору катышып жатат. Иш-чаранын алкагында муниципалдык кызматтарга атайын техника тапшырылды.
Майрамдык салтанат В.И.Ленин атындагы маданият үйүндө уланып, кол өнөрчүлөрдүн, диспора өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулду. Бешик салуу, алас айтуу жөрөлгөлөрү катышуучулардын көңүлүн бурду. Ошондой эле чыгармачыл топтор, «Элим» жана «Грация» асамблдери өнөрүн тартуулады.
Жетекчилер мындай иш-чаралар биримди жана маданий баалуулуктарды сактоого өбөлгө болорун белгилешти.
Майрамдык иш-чара концерттик прогамма жана оюн-зооктор менен жыйынтыкталат.