Turmush — Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында ат оюндары боюнча мелдештер өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, анын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык баскычы өттү. Финалга «Кара-Суу» командасы менен «Кара-Кулжа жаштары» командасы чыккан. Биринчи таймда 2 салым салган «Кара-Кулжа жаштары» командасы экинчи таймда дагы 4 салым салды.
Үчүнчү тайм да Кара-Кулжа районунун командасы дагы эки салым салышты. Ага жооп кылып Кара-Суунун командасы тай казанга эки жолу улак таштады.
Жыйынтыгында эсеп 8:2 болуп, «Кара-Кулжа жаштары» бул мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми «Кара-Суу жаштары» 2-орунду ээледи.
Буга чейин Turmush «Өзгөн ынтымагы» командасы 3-орунду, «Жаш муун» командасы 4-орунду алганын жазган.
1-орунга 200 миң сом, 2-орунга 100 миң сом, 3-орунга 50 миң сом, 4-орунга 30 миң сом байге берилди.