Turmush — Кечээ, 21-мартта Нарын шаарында Нооруз майрамы белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Нооруз майрамынын алкагында «Улуттук даам» жана «Эл мурасы» кол өнөрчүлөр сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
«Улуттук даам» сынагы:
- 1-орун — Нарын шаары (80 000 сом);
- 2-орун — Жумгал району (60 000 сом);
- 3-орун — Кочкор району (30 000 сом).
Кызыктыруучу сыйлыктар: Нарын жана Ак-Талаа райондоруна 10 000 сомдон берилди.
«Эл мурасы» кол өнөрчүлөр сынагы:
- 1-орун — Нарын району (60 000 сом);
- 2-орун — Ат-Башы району (40 000 сом);
- 3-орун — Ак-Талаа району (20 000 сом).
Кызыктыруучу сыйлыктар: Жумгал, Кочкор райондору жана Нарын шаары 10 000 сомдон берилди.
Сыйлыктар Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта тапшырылды.
Нарын шаарындагы Нооруз майрамына арналган иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.