Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында кол өнөрчүлөр арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамынын алкагында жергиликтүү кол өнөрчүлөр арасында «Мыкты кол өнөрчү» сынагы жарыяланган. Сынакка мекеме- ишканалардын жана жеке кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, калыстардын чечими менен жеңүүчүлөрү аныкталды.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орунду Ала-Буга айыл аймагынын «Аялдар ордосу» коомдук уюму багындырып, 10 миң сом жана диплом;
- 2-орунду Үгүт айылынын «Үгүт айымдары» коомдук уюму ээлеп, 8 миң сом жана диплом;
- 3-орунду Баетов айылынын тургуну Бүбүажар Кубатбекова камсыздап, 6 миң сом жана диплом менен сыйланды.
Мындан тышкары, Баетов айыл өкмөтү тарабынан сынактарга жигердүү катышкандарга 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.