Turmush — Каракол шаарына көчөттөр жакынкы райондордогу питомниктерден жана бакчалардан сатыкка чыгарылууда. Аймактык кабарчы быйылкы көчөттөрдүн баалары менен таанышты.
Сатуучулардын айтымында, базарга көбүнчө 3 жылдык көчөттөр чыгарылууда. Эң көп суроо-талап алма көчөттөрүнө болууда. Алардын баасы 200 сомдон башталат. Сатыкта «Превосходный», «Крипсон», «Апорт», «Золотой ранет», «Томсон», «Пинк леди», «Симиренко», «Наливка», «Ак алма» сыяктуу сорттор бар.
Алмурут көчөттөрү 200 сомдон 300 сомго чейин сатылууда. Сатуучулар көбүнчө «Талгарка» жана «Лесная» сорттору жакшы өтүп жатканын айтышты.
Өрүк көчөттөрүнүн баасы 250 сомдон 300 сомго чейин.
Ал эми кокон гилас 200 сомдон 400 сомго чейин сатылууда.
Сатуучулардын белгилешинче, көчөттөрдүн басымдуу бөлүгү жергиликтүү аба ырайына ыңгайлашкан жергиликтүү көчөттөр. Ал эми чет өлкөдөн, тактап айтканда Польшадан туя көчөттөрү алып келинет. Учурда туялар сатыкка көп чыга элек.
Мындан тышкары, карагат — 150 сом, кызыл карагат — 120 сом. Азыркы учурда «Рубен» сорту көбүрөөк сатылууда.
Ошондой эле гүл көчөттөрү да бар. Розанын көчөтү 50 сомдон башталат. Бак болуп өскөн чырмоок розалар 100 сомдон сатылууда. Калган гүлдөрдүн көчөттөрү 20 сомдон 100 сомго чейин бааланууда.