Turmush — Талас районунун Каракол айылынын тургундары 22 жаштагы Жанат Үсөнбеков менен 20 жаштагы Фатима Даниярова эч көрүшпөй туруп эле баш кошуп, бирге түтүн булатып жатышат.
Фатима айымдын айтымында, жолдошу менен 2024-жылы инстаграм аркылуу таанышкан.
«Жазышып жүрүп, көрүшпөй эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Жолдошум телефон аркылуу турмуш куруу сунушун киргизди. Менмн адамым экенин сезчүмүн. Ошол үчүн каршы болгон жокмун. Ойлонуп жүрүп, акыры 2025-жылдын 29-декабрь күнү жолдошум Кыргызстанга келсең деп билет алып берди. Мен Москвада иштечүмүн. Аэропорттон түшкөндө эле жолдошум достору менен тосуп алды да, айылга алып баса берди. Аэропорттон эле келин болуп, кайын журтумдун босогосун аттадым. Эң эле кызыгы менден улуу абысыным 27-декабрь келин болуп келиптир. Мен анын артынан эле келин болуп келдим. Үйдөгүлөр акылдашып чоң үлпөт тойду чогуу беребиз деп сүйлөшүштү. Эч ким каршы болгон жок.
Эки жупту тең бир «Жар-жар» ыры менен чогуу киргизишти. Эки кудасына атамдар эки учаа тартышты. 2 той 1 күндө болгон үчүн той мыкты деңгээлде өттү. Эки жактын тең туугандары, тааныштары чыгып каалоо айтып жатканда, экөөбүз тең туруп жаттык.
Атам менен апам өз кызындай көрүшөт. Жакшы үй-бүлөгө туш болгонума сүйүнөм. Жолдошумду көрбөй эле макул болуп келгениме таң калышып көп айтышты. Бирок мен анын кандай адам экенин алгач сүйлөшүп баштаганда эле сезгем. Азыр ата-энебиз менен чогуу жашайбыз, колунда келин болуп калдым. Жолдошум 5 бир тууган», - деди ал.