Turmush — Талас шаарында тогуз коргоол боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, бул чемпионат Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасынын ээси, тогуз коргоол боюнча спорт чебери Курманбек Мамбеталиевдин жаркын элесине арналган.
Ачылыш аземине Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев катышып, шаар бийлигинин атынан жаш спортчуларга ийгилик каалады.
Мелдешке Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынан келген 170тен ашуун өспүрүм катышууда.
Таймаштын негизги максаты — жаштардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана улуттук спорттун түрлөрүн даңазалоо.