Turmush — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тиешелүү тескемесине ылайык, Орозбаев Мирлан Кубатбекович Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган.
Бүгүн, 1-апрелде президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жаңы дайындалган биринчи орун басарды аппараттын кызматкерлерине тааныштырды. Облус жетекчилиги мамлекеттик кызматтын жогорку жоопкерчилигин белгилеп, жүктөлгөн милдеттерди так жана натыйжалуу аткаруунун маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле алдыдагы иштер боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматында Илияз Ташбаев иштеп келген.
Илияз Ташбаев кызматын тапшыргандан кийин бүгүн, 1-апрелде облус жетекчилиги жана аппарат кызматкерлери тарабынан салтанаттуу узатылды.
Илияз Ташбаев президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Чүй облусунун Москва районунун акими болуп дайындалды.