Turmush — Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кошалиев Бакытбек Сейтекович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бүгүн, 1-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев шаардын жаңы жетекчисин жамаатка тааныштырып, ишине ийгилик каалады.
Бакытбек Кошалиев 1989-жылы Нарын облусунун Нарын районунун Жылан-Арык айылында туулган. Кесиби — экономист.
Ал эмгек жолунда төмөнкү кызматтарды аркалаган:
— Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясында эсепчи;
— Нарын шаардык финансы бөлүмүндө башкы адис;
— Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасы;
— Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы;
— Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы;
— Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы;
— Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары.