Turmush — Кечээ, 1-март күнү Бишкек шаарынын четиндеги Новопавловка айылында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Фрунзе менен Луговая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Эки унаанын бири «Хонда Аккорддун» капталы талкаланып, жол четине чыгып кеткен.
Милиция кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.