Turmush — «Ош сити» курулуп жаткан аймактын жанында Умаровдорго тиешелүү 2 гектар 10 сотых үлүш жерди «Бизнес Хаус КГ-Ош сити» ЖЧКсы жөнү жок тартып алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрель күнү АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында Умаровдордун мыйзамдуу өкүлү Ураим Калматов билдирди.
Анын айтымында, Умаровдорго тиешелүү айыл чарба багытындагы 40 сотых жерге жогоруда аты аталган компания үй салып алган. Ал эми калган 1 гектар 70 сотых жерди талашууда.
«Урматтуу президенттибиз Садыр Нуркожоевич, биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандан кийин өлкөбүздө болуп жаткан мыйзамсыз иштер боюнча сизге мажбур иретинде кайрылып жатабыз. Кайрылуубуздун негизги өзөгү – Ош шаарынын Кызыл-Кыштак аймагынын жашоочулары Умаровдор менен Умаралиевдердин үй-бүлөсүнө 1994-жылы мамлекет тарабынан үлүш катары берилген №1057 контрудагы жалпы аянты 1 гектар 70 сотых болгон айыл айыл чарба багытындагы өзгөчө баалуу сугат жерлерин алардын макулдугусуз, өз билемдик менен ээлеп алышканына жөнүндө маселе болууда.
Оштогу «Ош сити», «Айти сити» долбоорлорунун негизинде «Бизнес Хаус КГ-Ош сити» ЖЧКсы мыйзамсыз курулуштарды баштаган. Урматтуу президент, биз бул жерде эмнесин мыйзамсыз деп айтып жатабыз?
Биринчиден, Ош шаарынын мэриясы 1 гектар 70 сотых жер боюнча Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, үлүш ээлерин чакырбастан, бир тараптуу карап, соттун чечимин чыгартып аллшкан. Сотто жоопкер Адина Умарова болгон болсо, Рахматулло Умаровдун атына адилетсиз чечим чыгарган. Бул менен эмнени түшүнсөк болот? Үлүш жерди жеке компаниянын карамагына өткөрүп берүү максатындагы иш болгон. Болбосо Ош шаардык сотунун ушул ишти караган судьясы соттун чечимин атайлап бербей жүрүп, көп убакыттан кийин берген. Рахматулла Умаров соттун чечимин алып, даттанайын дегенде, даттануу мөөнөтү өтүп кеткен болгон.
Экинчиден, бул мыйзамсыз иштер боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Ошол эле Жерди, сууну көзөмөлдөө агенттигине, Ош шаардык архитектурага, Ош шаардык архитектуралык курулуштарды контролдоо башкармалыгына кайрылганбыз. Биздин кайрылуубузга Ош архитектурасы «Ош шаарынын Кызыл-Шарк айылы менен чектешкен аймакта «Бизнес Хаус» ЖЧКсы куруп жаткан курулуштарга башкармалык тарабынан эч кандай архитектуралык иш-кагаздар берилген эмес» деп беришти. Ошондой эле Жерди, сууну көзөмөлдөө агенттиги жерине барып текшерип, жер кыртышынын зыянын 21 млн 192 миң сом деп эсептеген. Мына мамлекетке ошончо зыян келтирилген. Ошондуктан урматтуу президент, бул маселени карап коюңузду суранвбыз», - деди ал.
Мындан сырткары, Ураимов, Умаровдордун 1 гектар 70 сотых үлүш жери «Бизнес Хаус КГ» ЖЧКсы куруп жаткан «Ош сити» долбоорунун жалпы аянты 71 гектар 60 сотых жеринин чек арасына кошулбайт. Бирок ага карабастан бүгүнкү күндө аталган компания ал жерлерди ээлеп алган. Анан калса Умаровдордун 1 гектар 70 сотых жеринен сырткары 40 сотых жерине үй куруп алган.
«Бул фактылар боюнча президентке, укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Азыр тиешелүү иштер жүрүп жатат», - деди Ураимов.
Ал эми «Бизнес Хаус КГ-Ош сити» ЖЧКсынын жогоруда айтылгандар боюнча расмий жообунда анын жери соттун чечими менен Ош шаардык мэриясынын балансына өтүп, мамлекеттик долбоорго бериле турган жерлердин катарына кирери айтылат.
«Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 27-июнундагы чечими менен Ош шаардык мэриясы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан төмөнкү кадастрдык номердеги жер тилкелерин коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 69-беренесине ылайык алуу жөнүндө доо арызды канааттандырган.
Бул жер тилкелери мурда жаран Р.Умаровдун менчигинде катталган. Соттун чечими 2026-жылдын 26-январында мыйзамдуу күчүнө кирген. Аткаруу документинин негизинде жер тилкелери муниципалдык менчикке өткөрүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөн. Иш боюнча мурда коюлган камсыздоо чаралары алынып салынган.
Жер тилкелерин алуу Министрлер кабинети менен «Бизнес Хаус КГ» ЖЧКнын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимди аткаруу максатында жүргүзүлүүдө (дареги: Кызыл-Кыштак АА, Б. Осмонов көчөсү, 19). Аталган жер тилкелери инвестициялык долбоордун курамына кирерин QR-кодду текшерүү аркылуу ырастаса болот», - деп айтылат маалыматта.
Ошондон эле аталган компания инвестициялык бул долбоорду ийгиликтүү улантуу үчүн Умаровго компенсация жана башка жолдорду сунушташканын, бирок жаран көнбөй койгонун билдирген.
«Инвестициялык долбоорду ийгиликтүү улантуу үчүн Ош шаардык мэриясы жана биздин компания жаран Р.Умаровго бир нече жолу адилеттүү компенсациялоо варианттарын сунуштаган:
- ошол эле контурдагы альтернативдүү жер тилкелерин берүү;
- көз карандысыз баалоочу компаниялар тарабынан аныкталган базардык баада акчалай компенсация төлөө;
- коммерциялык жер тилкелерин сунуштоо.
Бирок Рахматулла Умаров сунушталган компенсация варианттарын кабыл алган жок. Ал негизинен ошол эле жер тилкелерин көлөмүнчө башка турак үй куруу үчүн багытталган жер тилкелерин берүүнү же турак жай куруу үчүн арналган жерлердин баасы боюнча бир кыйла жогорку сумманы талап кылууда», - деп айтылат маалыматта.