Turmush — Орозмамбет Солтобаев 3-апрелде Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, ал 2025-жылдын 24-ноябрында Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси болуп дайындалган болчу.
Кыскача маалымат: Солтобаев Орозмамбет Таштанбекович
Туулган жери: Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Нарын облусу
Билими:
- Нарын мамлекеттик университети (2005), инженер-программист
- С.Нааматов атындагы Нарын МУ (2019), математика-физика мугалими
Эмгек жолу:
- 2004 — С.Райымбеков атындагы орто мектепте математика жана информатика мугалими («Депозит» программасы)
- 2007–2010 — Мектептен жана класстан тышкаркы иштер боюнча директордун орун басары
- 2010 — К.Мамбеталиев атындагы орто мектепте социалдык педагог
- 2010–2012 — Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүндө методист
- 2012–2017 — «Аю Альфа» окутуу жана кайра даярдоо борборунда аткаруучу директор
- 2017–2022 — Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы
- 2014-жылдан бери — Ак-Жар айылында физика жана математика мугалими (кошумча)
- 2022–2025 — Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 4 уул, 2 кыздын атасы.