Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Советское (эл оозунда Жол-Булак) айылында Ак Мѳѳрдүн айкели тургузулган. Айыл аксакалдарынын айтымында, аталган айыл Жантай тарабынан Ак Мөөргө ээнчиленип берилген.
Ак Мѳѳр жана анын айкели тууралуу Кичи-Кемин айыл аймагына караштуу Советское (Жол-Булак) айылындагы №7 китепкананын башчысы Бактыгүл Жанталиева Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
«Ошол жерде кырк кыз кѳмүлгѳн деген да кеп бар. Эл оозундагы маалымат боюнча, ал 40 кыз Ак Мѳѳрдүн жанындагы кызматчы, жандоочу, курбу кыздар болгон. Ак Мѳѳр ѳзү 35 жашында каза болгон экен. Ошондо анын сѳѳгү ушул айылга коюлуптур. Сөөгү коюлган жерге алгач кичинекей үйүлгөн топуракта таш эстелик болгон дешет. Азыркы айкели болсо 1998-жылдын айланасында салынган.
Тарыхта айтылгандай, Ак Мөөр 15 жашында каруусу күчкө толуп, акылы айга жетип турган 53 жаштагы Жантай ханга баш кошкон. Анын өз аты Калича болгон. Келишкен сулуу болгондуктан Ак Мөөр атка конгон. Экөө 20 жылга чукул чогуу жашап, Ак Мөөр үч бала төрөгөн. Уулу Мунайтпас, кызы Калый (ал көлдүк жигитке турмушка чыккан экен), Токтоян (кичинесинде чарчап калган).
Жантай Карабек уулу (1794-1868-жылдары) сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан чоң манап болгон. Атактуу Атаке баатырдын небереси.
Шабдан баатырдын атасы Жантай ханга караштуу сарыбагыш уруусу Чоң-Кемин менен Кичи-Кеминди, Чүй боорунун Боомдон Токмокко чейинки бөлүгүн ээлеген. 1850-жылдардын аягында орус бийлиги менен ымала түзүп, 1862-жылы орус букаралыгына өткөн. Кокон хандыгынын саясатына каршы чыккан. Анын бул саясатын уулу Шабдан уланткан. Жантай хан өлөөрүндө ушул Советский айылы турган аймакты Ак Мөөргө ээнчилеп берген дешет. 1869-жылы Жантай хандын ашы берилгенден кийин Ак Мөөр 35 жашында каза болгон экен», - деди Жанталиева.