Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин өнөрпоздору республикалык сынакта байгелүү орундарды алды.
Аталган музыкалык мектептин директору Венера Артыкбаеванын айтымында, 3-апрелден 5-апрелге чейин Токмок шаарында «Достук шаңы-2026» аталыштагы чыгармачыл жаштардын 13-республикалык сынагы өттү. Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин комузчулар ансамбли, дастанчылар тобу жана күү чертүү боюнча 1-орунду камсыздашты.
Жыйынтык:
- мугалим Элиза Каракойчиева жетектеген «Маржан» дастанчылар тобу «Дана кыз» ыры менен 1-орунду;
- Нурайым Исаева жетектеген комузчулар ансамбли Карамолдо Орозовдун «Ибарат» күүсүн аткарып, 1-орунду алды.
Жеке аткаруу боюнча:
- комуз чертүү боюнча Кундуз Карагулованын тарбиялануучусу, 4-класстын окуучусу Аруузат Табрисова Коргол Досуевдин «Ак Бакай» күүсү менен 1-орунду алды;
- 2-класстын окуучусу Айзирек Бекболотова «Эмгек шаңы» күүсү менен дипломант болду;
- мугалим Махабат Жанузак кызынын 2-класс окуучусу Фатима Аалиева жана 5-кластын окуучусу Адеми Рысбекова «Эл жөнүндө терме» чыгармасы менен 3-орунга ээ болушту.
Ал эми мектептин мугалимдери Нурайым Исаева, Кундуз Карагулова жана Элиза Каракойчиева «Жаратман устат» диплому жана медаль менен сыйланышты.