Turmush — Кечээ, 11-апрелде Чүй облусунун Сокулук районунда 100 миң сомго сатылган козулуу кой кайрадан сатыкка коюлду.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мал базарда мал сатуучулардан алып сатарлар көп.
«100 миң сомго сатылган козулуу кой кайра сатыкка коюлду. Арадан 1 саат өтпөй кайра 103 миң сомго сатылды. Эми үчүнчү сатып алуучу канча сомго сатат белгисиз. Кызыктын баары базарда экен», - деди тургундардын бири.
Turmush 2026-жылдын 5-мартында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сары-Өзөн айыл аймагындагы мал базарда бир кой ордунан жылбай эле улам-улам төрт кишиге сатылган учур катталганын жазган.
Аймактык кабарчы билдиргендей, кой фермерден 46 миң сомго сатылып, аны алган соодагер ошол эле жерден 60 миң сомго кайра саткан. Андан кийин үчүнчү кардар аны 74 миң сомго сатып алып, көп өтпөй төртүнчү кишиге 90 миң сомго өткөрүп берген.
«Ошентип, бир эле кой 1 метр да жылбай туруп эле колдон колго өтүп, 4 кишиге сатылды: 46 000 + 14 000 + 14 000 + 16 000 = 90 000», – деген мал базарга барган тургундар.
Айрым жергиликтүү фермерлер малдын жана эттин баасын ортомчу ишкерлер көтөрүп жатканын билдиришсе, соодагерлер мындай соода сейрек болорун айтышты. Алардын сөзүнө караганда, алып-сатуу иши да оңой эмес. Айрым учурда киреше түшсө, кээде малды өз баасынан да төмөн сатууга туура келген учурлар кездешет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram