Turmush — Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара, Галча, Чогорок, Токой жана Ак-Турпак айылдарында ички жолдор кеңейтилип, асфальт басуу иштери жүрүп жатат.
Маалым болгондой, жолго жакын чыккан дубал тосмолор жана курулуштар бузулуп, арыктар иретке келтирилүүдө. Жалпысынан 5 чакырымдан ашуун жолго асфальт төшөө иштери пландалган. Каржылоо мамлекеттик бюджеттен каралып, курулуш иштери Кадамжай райондук №46 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында буга чейин айрым айылдардын окуучулары 1-2 чакырым алыстыкта чаң жолдо мектепке каттап түйшүк тартып келишкен.