Turmush — Бишкек—Ош унаа жолунда 3 унаа кырсыкка кабылып, 34 жаштагы чет элдик жаран каза болду.
Күбөлөрдүн айтымында, жол-транспорт кырсыгы 2026-жылдын 13-апрелинде саат 19:30дар чамасында унаа жолдун 562-чакырымында, тактап айтканда Топурак-Бел ашуусунда болгон. «Daewoo Nexia», «Honda Fit» жана «Hyundai Sonata» унаалары кырсыктап, окуя болгон жерде 1 адам каза тапкан.
Ал эми Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун Сузак районундагы тилкесинин 562-чакырымында Өзбекстандын Наманган шаарынын 1992-жылы туулган тургуну О.У.Ж өзүнө таандык болгон «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү унаасын түштүктөн түндүктү көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаасынын жолуна чыгып кагышып, башкаруусун жоготуп, «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү унаасын сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен «Daewoo Nexia» унаасынын айдоочусу каза болду.
Ал эми Сузак аймактык ооруканасынын маалыматы боюнча, аталган жол кырсыгынан тез жардам менен «Daewoo Nexia» унаасынын жүргүнчүсү алынып келип, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен.