Turmush — Баткен районунун Кара-Булак айылында март айында соолуп калган Суу-Башы булагында кайрада суу чыга баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалыматка караганда, алар кечээ, 15-апрелде булактан кайра суу чыга баштаганын видеого тартып келишкен. Суу азырынча көлмөгө толуп жатат.
Аталган булак Баткен районундагы эң чоң 2 булактын бири. Учурунда бул булак суусу бир өзөн болуп агып, 3 0чакырым алыстыктагы Баткен шаарынын түштүк тарабындагы азыркы Токтогул-Олуя конушуна чейин суу жетип турган. Жыл өткөн сайын суу азайып, азыр Кара-Булак айылын да толук суу менен камсыздай албай калды. Акыркы учурларда кышкысын суу азайып олтуруп, быйылкы кышта такыр эле суу токтоп калган. Адистер элге суунун көзүн ачуу үчүн техника колдонбой турууну сунушташкан.
Маселенин чоо-жайы:
Буга чейин 9-мартта жергиликтүү тургундар Суу-Башы булагы соолуп калганын билдиришкен. Булак бүтүндөй айыл элин ичүүчү суу, сугат суу менен камсыздап, 15 жыл мурда эле айылда дыйканчылык жакшы өнүгө баштаган эле. Бирок акыркы жылдары суунун көлөмү азайып, дыйкандар, дарак өстүрүү менен гана алектенип, эгин талаалар иштетилбей калган.
1 гектар үлүшү, 30 сотых жери иштетилбей, бак-дарактарынан эчак эле түшүм албай калган Абдиллаким Абдураимов эми мал-жандык да кармай албай калабызбы деп сарсанаа экенин айткан. Эл суунун жоктугунун көчөттөр, чарбактагы жашылчалар соолуп калабы деп тынчсызданышкан.
Жетекчилер булактын суусун 1-2 ай күтүш керектигин айтышкан:
Бул кабар Turmush басылмасына чыккандан кийин жергиликтүү жетекчилер, тиешелүү адистер булакка барышкан. Анда жергиликтүү тургундар булактын маанилүүлүгүн айтып, жергиликтүү бийликке башка жолдор менен суу алып келүү зарылчылыктарын да билдиришкен. Булактын көзүн ачуу үчүн жергиликтүүлөр тарабынан аткарылып жаткан иштер орунсуз экенин айтылган.
«Бул булак Баткен районундагы 3 чоң булактын бири болуп эсептелет. Күн жылуу мезгилде 1 куб суу чыгып турган. Өткөн жылы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына 14 чакырым каналы өткөрүлүп берилген.
Суунун чыкпай калганы бул табигый болгондуктан, себебин аныктоо кыйын. Бирок буга чейин мындай болгон эмес экен. Бирок суунун азайып жатканы белгилүү. Анын көзүн ачабыз деп казуу иштерин жүргүзүүгө эрте. Анткени тескерисинче нугун башка жакка буруп салышыбыз ыктымал. Ошондуктан жыл сайын суу көбөйгөн убагы апрель-май айларын күтүү керек. Мүмкүн суу чыгып калат. Мурда дагы ушундай болгонбу карыялардан сураштыруу керек», - деген Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Султанбек Эрматов.
Табышмактуу булактын сыры:
Turmush басылмасы 2017-жылы Кара-Булак айылындагы Суу-Башы булагы жөнүндө жазган. Анда айыл эли булактын жанында 500 жылдан бери өсүп жаткан терек бар экенин айтып беришкен. Анын кайсы заманда ким тарабынан тигилгени белгисиз. Булактын суусу жаз-күз бүтүндөй Кара-Булак айылындагы 900дөй түтүндү сугат суу жана таза суу менен камсыздап турат. Элеттиктер Суу-Башы суусун эзелтеден ааламдын 7 табышмагынын бири деп аташат. Анын табышмактуулугу булакка суунун мынчалык көп запасы кайдан келет деген суроого келип такалат. Жер астындагы бир агым менен чыгып турган Суу-Башы жана Сары-Таш суулары Кара-Булактагы Ак-Дөбөдөн кошулуп бир дарыяны түзгөнү, кийин ар кандай доорлор өтүп, бара-бара ал дарыя жоголуп кеткени айтылат.
Тарых илимдеринин кандитаты Абдинаби Кадыровдун айтымында, 1871-жылы орус саякатчыларынын бири Баткен аймагына келген. Ал өзүнүн «Түркстанга сапар» аттуу китебине Кара-Булак эли сууну Казак дарыясынан алып ичет деген маалыматты калтырган. Жергиликтүү эл ичинде «Дөңмөн, Дөңмөндүн үстүн көмгөн» деген сөз айтылып келет. Илгери Суу-Башы суусу бир өзөн дарыя болуп, айылдын гана эмес, Баткендин бир нече айылын суу менен камсыз кылганы айтылат. Дарыя бойлой жашаган эл бакубат жашоодо жашап жүргөндө эки хандын ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бири Дөңмөн дарыясындагы Суу-Башынын жер асты менен башталган туннелдин арыгынын оозун кийиздер менен бекитип, таштар менен тосуп салат. Ошондон тартып «Дөңмөн, Дөңмөндүн үстүн көмгөн» деген сөз айтылып калган.
Суу-Башы суусунун азайып кеткенине байланыштуу суу кайсы тараптан келээрин аныктоо үчүн айыл тургуну Жоробек Абдисаттаров аны изилдей баштаган. Эгер чынында эле оозу бекитилип калган туннелдин арыгынын оозу табылып ачылса, анда Баткен аймагынын жалпы суу жетпей турган жерлери суу менен камсыздалмак.
2007-жылы 21-августта Баткен шаарындагы таза суу чорголорунан кызгылт түстөгү суу чыгып кеткен. Ошол учурда таза суу келүүчү Сары-Таштын жана Суу-Башы суулары да кызыл түстө агып жаткан. Донмондук жашоочулар катуу жаандан кийин дарыя кызгылт түскө боелуп калгандыгын айтышкан. Андан улам экспертизадан өткөргөндө бардык суу бирдей делген корутунду чыккан.
Дарыядан суу кирген туннелдин оозун табуу керектигин ойлонгон Жоробек Абдисаттаров Гидротехникалык, геологиялык жардамдарга муктаж болуп, депутаттарга чейин кайрылган. Бирок алар «жакшы иш баштаптырсың» дегенден башкага жараган эмес. 2007-жылдан бери унаа барбаган Донмон суусунун башына жетүү үчүн 2 күндөп жөө жүрүп, дарыянын ар бир таштарын карап, Донмондогу бекилип жаткан суунун табышмагын тапкан. Аны уккан эл аны колдоп, техникалык жабдыктар, унааларга чейин колдоо көрсөтүшкөн. Жергиликтүү бийлик дарактарды кесүүгө уруксат бергенден кийин 2016-жылы жаштардан түзүлгөн топ кезек-кезеги менен 10-15 күндөн иштей башташкан. Алардын негизги максаты агып жаткан суунун курун эч бир жардыруусуз, башка тобокелчиликке барбай туруп, шахталык туннел арыгы аркылуу сууну мурдагы жер астындагы агымга жеткирүү болгон. Туннелди казып бүтүүгө 2 метрдей аралык калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, иш токтоп калган. Бирок, суу куруна келүүчү агым каптарга толтурулган кумдар менен тосулуп, айылга баруучу суунун көлөмү көбөйгөн. Натыйжада Кара-Булак айылына кыш мезгилинде да суу келип, иштебей калган тегирмендер иштей баштаган.
Эгер шахталык туннел аягына чейин чыгып, мурдагы жер астында агып жаткан сууга кошулса, анда бүтүн Баткен аймагы суу менен кеңири камсыздалмактыгы айтылган.
2024-жылы айыл тургуну Жоробек Абдисаттаров бул булактын суу айылдан алыс эмес Дөңмөн суусунан келет деп изилдеп, натыйжада сууга кошулма салып көргөнүн айтып берген. Анын божомолун эл колдоп, ашар жолу менен суунун көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылышкан. Бирок натыйжа болбой келет. Анткени ал үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо керектигин айтышкан.
Кайсы бир учурларда булактан кызыл суу чыгып калат. Дал ошондо айыл эли мал союп, түлөө өткөрүп турушкан. Ошол булактан улам Кара-Булак айылы Кара-Булак деп аталып калынган. Элеттиктер акыркы жолу 2007-жылы кызыл түстө суу чыкканын айтышкан.