Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Гүлсүн Абдыжапарова менен Роман Герасимов. Гүлсүн Абдыжапарова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жолдошу ислам динин кабыл алып, атын өзгөрткөнүн айтып берди.
Гүлсүн Абдыжапарова 2001-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында туулган. Учурда Бишкек шаарында жашап, мобилограф болуп эмгектенет. Ал Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетин аяктаган.
Каарманыбыз 24 жашында турмушка чыккан. Жолдошу — 1998-жылы туулган Роман Герасимов. Ал Бишкекте туулуп-өскөн. Айтымында, жолдошунун улуту орус болгону менен Кыргызстанда чоңоюп-өскөндүктөн менталитет жагынан айырмачылык дээрлик байкалбайт.
Жубайлардын сүйүү баяны жумуштан башталган.
«Университетте окуп жүргөндө сабактан тышкары тейлөөчү [официант] болуп иштечүмүн. Бишкектеги мейманканада иштеп жүргөндө Роман ашпозчу болуп эмгектенчү. Башында жөн гана кесиптеш катары баарлашып жүрдүк. Бир жылдай убакыт өтүп, жакшы дос болуп калдык. Көп сүйлөшүп, бири-бирибизди жакындан тааныдык. Убакыт өткөн сайын экөөбүздө тең сезимдер пайда боло баштады, бирок аны дароо айта алган жокпуз», - дейт ал.
Бир күнү алардын ортосундагы мамиле өзгөргөн.
«Корпоративдик кечеде Роман мага өзгөчө көңүл бура баштады. Жаныма келип отуруп, орундукту жылдырып берип, суусундуктарды куюп, дайыма кам көрүп турду. Анан мени бийге чакырды. Ошондо анын мага болгон мамилеси өзгөргөнүн, көз карашы башкача болуп калганын сездим. Өзүмдүн да жүрөгүм бат-бат согуп жатканын байкадым», - деп эскерет каарман.
Эртеси күнү Роман аны сүйлөшүүгө чакырып, сезимдерин ачык билдирген.
«Ал "сен мага жагасың, кыз-жигит болуп сүйлөшөлү" деди. Мен ага буга чейин эч ким менен сүйлөшүп көрбөгөнүмдү, бир аз коркуп жатканымды айттым. Бирок өзүмдө да сезим бар экенин жашырган жокмун. Ошентип биздин мамиле башталды», - деди ал.
Анын айтымында, Роман мамиледе абдан камкор жигит болуп чыккан.
«Ал дайыма мени үйгө чейин жеткирип, колумдан кармап сейилдетип, дем алыш күндөрү жолугушууга чакырып турчу. Жактырган гүлдөрүмдү себепсиз эле белек кылып, көңүлүмдү көтөрчү. Мага эмне жагарын, эмнени жактырбасымды жакшы билип калды», - дейт ал.
Сүйүктүүсү каарманыбыздын колун чет өлкөдөн сураган.
«Биз досторубуз менен Венгриянын Будапешт шаарына эс алганы барганбыз. Ошол жерде ал күтүүсүздөн тизелеп, элдин көзүнчө колумду сурады. Мен үчүн бул абдан толкунданткан учур болду. Албетте, макул болдум.
Башында ата-энем каршы болушту. Алар үчүн жолдошумдун улуту кыргыз эмес жана дини башка болгону оор тийди. Мен болсо аларга биздин сүйүүбүздү түшүндүрүүгө аракет кылдым.
Ата-энемди сагынып, кыйналып жатканымды көрүп, Роман ислам динин кабыл алууну чечти. Ошентип, анын кыргызча аты Рамазан болду. Бул чечимден кийин ата-энем акырындык менен макулдугун бере башташты», - дейт ал.
Ал эми жолдошунун апасы башынан эле бул мамилеге каршы болбогонун кошумчалады.
«Алгач мечитке барып нике кыйдырдык, андан кийин ЗАГСтан [жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү] каттаттык. Чоң той өткөрбөйбүз деп чечкенбиз. Бирок ата-энем Таласта кыргыз салты менен той өткөрүштү. Жолдошум калың катары 300 миң сом, эне сүтү үчүн 100 миң сом берди. Салт боюнча сиңдилерим анын кулагын чоюшту жана башка жөрөлгөлөр да болду», - дейт ал.
Гүлсүн Абдыжапарова турмушка чыккандан кийин олуттуу кыйынчылыктар болбогонун айтат.
«Биздин мамиле абдан жөнөкөй жана жылуу. Жолдошумдун мүнөзү жумшак, уруш-талашты жактырбайт. Ал ашпозчу болгондуктан тамакты көбүнчө өзү жасайт, ал эми мен идиш жууйм. Үй жумуштарын чогуу жасайбыз. Көп убакытты бирге өткөргөндү жакшы көрөбүз. Азыр экөөбүз чогуу англис тили курсунда окуп жатабыз. Ал үйдө бардык иштерди жасай берет. "Бул кыздын жумушу" деген түшүнүккө кошулбайт. Мен дал ушул сапатын абдан сыйлайм. Башында көчөдө кол кармашып басуудан уялчумун. Азыр болсо бир секунд кечиксе эле таарынып калам», - дейт ал.
Ал бош убактысында бий ийримине барып, эс алуу күндөрү тоого чыгууну жактырат.
«Келечекте жолдошум экөөбүз дүйнө жүзүн кыдырууну каалайбыз», - деп сөзүн жыйынтыктады.