Turmush — Жети-Өгүз районунда айыл аралык жолдор оңдолууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов маалымдады.
«Жети-Өгүз районунда айыл аралык, ички жолдор оңдолууда. №35 жол тейлөө мекемеси аркылуу капиталдык салымдар беренесинин негизинде Сүттүү-Булак– Боз-Бешик–Мундуз унаа жолунун Ак-Дөбө–Мундуз участкаларында 4,5 км аралыкка асфальт төшөө иштери аткарылууда», - деди ал.