Turmush — «Тарых инсаны» рубрикасынын кезектеги каарманы — 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Акматбек Узакбаев. Ардагер тууралуу анын небереси Чолпон Акматбекова Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Ок көкүрөгүнөн кирип, аркасынан чыгып кеткен.
«Чоң атам Акматбек Узакбаев 1914-жылы Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) кыштагында туулган. 1941-жылы согушка чакырылып, 1944-жылы согушта оор жарадар болуп, үйүнө жиберилиптир. Мен кичинекей болуп согуш учурунда айтып берген окуяларын деле билбейм. Болгону согушта ок көкүрөк тушуна тийип, артынан чыгып кетиптир. Жүрөгүнө бир аз тийбей өткөн экен. Ок тешип өткөн тагы бар болчу деп айтып калышат.
Чоң атам бетке айткан, так жүргөн адам болуптур. Кайнатамдын айтуусу боюнча, чоңдор келип, элдик жыйын өткөргөн учурларда чоң атамдан сестенип турушчу экен. Чоң атам согушка чейин эле Ражаб чоң энебизге үйлөнүптүр. Согушка чейин жана согуштан кийинки жылдары 13 балалуу болушат. Бирок 9 баласы чарчап калган экен.
«Кызыл Жылдыз» ордени, 3-даражадагы «Даңк» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы жана Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын бир катар юбилейлик медалдары менен сыйланыптыр. 1979-жылы тынчсыздануу сиренасы жаңырып, чоң атам «согуш кайра башталган турбайбы» деп, ошондон чочуп калып, жүрөгү ооруп каза болуптур. Эмне болгон сирена экендигин деле билбейм», - деди Чолпон Акматбекова.
Эмгек жолу:
- 1933-1935-жылдары Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайында билим алган;
- 1935-1941-жылдары Сталин атындагы орто мектебинде мугалим, мектеп директору;
- 1944-1949-жылдары чарбада колхозчу;
- 1949-1955-жылдары Баетов айылдык кеңешинин төрагасы;
- 1971-1973-жылдары Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумунда билим алган;
- 1955-1979-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмүндө инспектор, жетекчиси болуп эмгектенген.
Архивдик документтер
Ал эми Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин борбордук архивиндеги маалыматтарга көз жүгүртсөк, каарманыбыз Акматбек Узакбаев 1915-жылы туулгандыгы, согушка 1941-жылы чакыртылгандыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле, 31-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 95-гвардиялык аткычтар полкунда кызматта болгондугу жана гвардиянын сержанты деп жазылган. Мындан тышкары, сыйлоо баракчасында 1943-жылдын февраль айылында 65-армиянын 7-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 95-гвардиялык аткычтар полкунун курамы менен чабуулга өтүү учурунда жеңил жаракат алгандыгы, 1943-жылдын 28-август күнү 199-аткычтар дивизиясынын 617-аткычтар полкунун курамында болуп, экинчи жолу жеңил жаракат алгандыгы жазылган. Жалпы 2 жолу жеңил жарадар, 1 жолу оор жарадар болгону көрсөтүлгөн. Андан сырткары, 1943-жылдын апрель айынан 1943-жылдын август айына чейинки аралыкта аткычтар отрядынын командири болгондугу жазылып турат жана 1944-жылы согуштан чыгарылган.
95-гвардиялык аткычтар полку
Каарманыбыз Акматбек Узакбаев согуштун алгачкы жылдарында 95-гвардиялык аткычтар полку 31-гвардиялык аткычтар дивизиясынын курамында кызмат өтөгөндүгү көрсөтүлгөн. Бирок 65-армиянын 7-гвардиялык аткычтар дивизиясына кайсы жылы кабыл алынгандыгы көрсөтүлгөн эмес. Антсе дагы, Акматбек Узакбаев 65-армиянын 7-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 95-гвардиялык аткычтар полкунда болгондугу так жазылган. Аталган гвардия 1943-жылы кышында Түндүк-Батыш фронтунда Демьяново чабуул операциясынын алкагында катуу салгылашкан. 1943-жылдын май айында гана Сталинград үчүн, ичинде Красный Октябрь заводунун аймагында айыгышкан салгылашууларды жүргүзгөн.
199-аткычтар дивизиясы
Ошондой эле, Акматбек Узакбаевдин 199-аткычтар дивизиясынын 617-аткычтар полкунда дагы кызмат өтөгөндүгү жазылган. 199-аткычтар дивизиясынын 617-аткычтар полку эки курамга кирген. Дивизия эки негизги этапты басып өткөн. Аталган полк биринчи түзүмдүн 199-аткычтар дивизиясынын курамында түзүлүп, 1941-жылдын 22-июнунан 1942-жылдын 31-июлуна чейин активдүү армиянын катарында болуп, андан кийин дивизия таркатылган. Экинчи жоду 1943-жылдын жазында полк 126-өзүнчө аткычтар бригадасы жана 128-өзүнчө аткычтар бригадаларынын базасында кайра жанданган.